“ЖАРАТМАН МУУН” КЕЛЕЧЕКТЕГИ КЕСИПТЕРДИН ФОРУМ-КӨРГӨЗМӨСҮ ӨТӨТ
- 02.11.2026
- 0
28-ноябрда Бишкек шаарындагы “Ырыс Ордо” конгресс-холлунда билим берүүнү, кесипке багыт берүүнү, заманбап технологияларды жана жаштар үчүн карьералык мүмкүнчүлүктөрдү бириктирген “Жаратман МУУН” келечектеги кесиптердин форум-көргөзмөсү өтөт. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги тарабынан уюштурулуп, студенттерди, жаш адистерди, билим берүү уюмдарын, иш берүүчүлөрдү, мамлекеттик органдардын жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрүн бир аянтчага чогултат.
Форумдун негизги максаты — жаштарды келечектүү кесиптер менен тааныштыруу, кесиптик багытын аныктоого көмөк көрсөтүү жана билим алуу, жумушка орношуу, кесиптик өсүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берүү болуп саналат. Катышуучулар билим берүү программалары, гранттар, стипендиялар, бош жумуш орундары, стажировкалар, ошондой эле эл аралык окуу жана кесиптик өнүгүү программалары тууралуу толук маалымат ала алышат.
Форум-көргөзмөнүн алкагында жасалма интеллект, робототехника, инженерия, энергетика, медицина, каржы, айыл чарба жана туризм сыяктуу ар түрдүү тармактарды камтыган тематикалык аймактар уюштурулат. Өзгөчө көңүл жаштардын стартаптарына, практикалык мастер-класстарга, заманбап технологияларды көрсөтүүгө жана иш берүүчүлөр менен түз баарлашууга бурулат. Программада ишкердик жана билим берүү сессиялары, эксперттер менен жолугушуулар, ошондой эле “Жаратман МУУН” жаштар долбоорлорунун сынагы каралган.
Иш-чарага даярдык көрүү алкагында республика аймагында бир катар коомдук демилгелер ишке ашырылды. Алсак, 17-октябрда аймактарда айлана-чөйрөнү тазалоого жана маданий баалуулуктарга аяр мамиле жасоого багытталган экологиялык акция өтсө, 24-октябрда Бишкек, Ош, Баткен, Талас, Нарын шаарларында жана Ысык-Көлдө студенттер арасында күзгү жеңил атлетикалык чуркоо уюштурулду. Алдыда студенттер арасында “Жаратман МУУН” темасында эссе сынагы өткөрүлүп, жаштар өлкөнүн өнүгүүсүндөгү өз ролу тууралуу идеялары менен бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
Долбоордун аталышы кыргыз тилиндеги “жаратман” жана “муун” деген сөздөрдөн куралып, өз билими, демилгеси жана эмгеги менен Кыргызстандын келечегин түптөй турган жаш муунду колдоо идеясын чагылдырат. Бул форум-көргөзмө эмгек рыногунда суроо-талапка ээ адистерди даярдоого жана билим берүү сектору менен иш берүүчүлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзөт.
А.К., «КБ»