ЖАШ ЖЕТКИНЧЕКТЕР ҮЧҮН КИТЕП ОКУУ КОНКУРСУ
- 12.10.2026
- 0
Урматтуу мугалимдер жана ата-энелер!
«Китепстан» басма үйү уюштуруп жаткан “Таабалдынын жолун жолдоп…” аттуу республикалык китеп конкурсу башталды.
📖 Конкурстун максаты жана негизи:
Сынак «Шоро, Супара, Супара Чуңкурчак компанияларынын негиздөөчүсү Таабалды Эгембердиевдей кантип жаратман боло алам?» китебинин негизинде өткөрүлөт.
🎨 Катышуучулардын курактык категориялары:
6–9 жаш: Сүрөт категориясы
10–13 жаш: Эссе категориясы
🏆 Байге фонду жана сыйлыктар:
Байге фонду 200 000 сомду түзөт. Жеңүүчүлөрдү планшет, смартфон, кулакчын жана башка кызыктуу белектер күтөт!
Ошондой эле, окуучулары активдүү катышкан мугалимдерге «Супара Чункурчак» этнорезортко 5 сертификат жана башка баалуу белектер каралган.
📌 Маанилүү даталар:
Сынактык иштерди кабыл алуу: 1-октябрдан 20-декабрга чейин.
Жыйынтыгын жарыялоо: 2027-жылдын 7-январы.
Сыйлык тапшыруу аземи: 2027-жылдын 14-январы.
📱 Байланыш маалыматтары:
Кенен маалымат алуу жана катышуу үчүн төмөнкү номерге кайрылыңыз: 0503 666 532.