ПРЕЗИДЕНТ ЭМГЕКТИН МЫКТЫЛАРЫН СЫЙЛАДЫ
- 14.09.2026
- 0
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий өнүгүшүнө зор салым кошкон, кесиптик ишмердигинде олуттуу натыйжаларга жетишкен жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулган салтанаттуу иш-чарада билим берүү, илим, маданият жана башка тармактардын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн талбаган эмгеги бааланды.
Сыйлыкка татыгандардын катарында өмүрүн билим берүү тармагына арнап, жаш муундарды тарбиялоого зор салым кошуп келе жаткан Бектур Исаков, Тилектеш Ишемкулов, Акматали Алимбеков, Асель Сартбаева өңдүү агартуу тармагынын көрүнүктүү өкүлдөрү да бар.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө өлкөгө жана өз ишине чын жүрөктөн берилген адамдар ак ниет мээнети менен мамлекетти чыңдап, жаңы интеллектуалдык жана руханий баалуулуктарды жаратып жатканын белгиледи. “Мамлекеттүүлүктү чыңдоодо, рухий-адеп-ахлактык тарбия берүүдө, улуттук биримдикти бекемдөөдө өзгөчөлөнгөн мыктыларыбыздын мээнети сөзсүз бааланышы абзел. Сыйлык – бул элге эмгеги сиңген, иштерман инсандарына карата мамлекеттин эң жогорку урматы жана ыраазычылыгы!” — деди Садыр Жапаров.
Ошондой эле, Президент адилеттүүлүктү, калыстыкты жана ачык-айкындыкты камсыз кылуу максатында сыйлык берүү системасы жаңыртылганын эске салды. Жаңы кабыл алынган мыйзамга ылайык, мамлекеттик сыйлыктардын саны оптималдаштырылып, алардын салмагы жана кадыр-баркы артты. Мамлекет башчысынын айтымында, мындан ары сыйлык чындап татыктуу адамдарга гана берилиши керек деген принцип катуу кармалат. 
Сыйлыкка татыгандардын катарында илим жана билим берүү, маданият жана искусство, журналистика, медицина тармактарында көп жылдан бери талбай эмгектенип келе жаткан ар түрдүү муундардын өкүлдөрү бар. Аны менен катар, бүгүнкү күндө өлкөнү эл аралык деңгээлде татыктуу көрсөтүп жаткан жаш адистер да көңүл сыртында калган жок. Садыр Жапаров сыйлык ээлеринин бай тажрыйбасы жана ак ниет эмгеги өсүп келе жаткан жаш муунга, өзгөчө мектеп окуучулары менен студенттерге мыкты багыт жана үлгү болорун баса белгиледи. 
Сөзүнүн аягында Президент өсүп келе жаткан муунду Мекенди сүйүүгө, өз элине ак ниет кызмат кылууга чакырып: “Жаңы Кыргызстанды куруу жолунда бирге басалы! Биримдигибиз бекем болсо, алдыга койгон улуу максаттарга сөзсүз жетебиз!”, — деп жыйынтыктады.
А.К., «КБ»