БИШКЕКТЕ УЛУТТУК ШАХМАТ АКАДЕМИЯСЫ АЧЫЛДЫ

  • 14.09.2026

Бишкек шаарында окуучулардын жана жаштардын интеллектуалдык дараметин өстүрүүгө багытталган Улуттук шахмат академиясы ачылды. 13-сентябрда өткөн салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев катышты. Бул жаңы билим берүү жана спорт аянтчасы Президент Садыр Жапаровдун өлкөдө 2026–2030-жылдары шахматты өнүктүрүүгө жана жайылтууга багытталган жарлыктарынын негизинде түзүлдү. БИШКЕКТЕ УЛУТТУК ШАХМАТ АКАДЕМИЯСЫ АЧЫЛДЫ

Академиянын негизги максаты — таланттуу жаштарды таап, аларга колдоо көрсөтүү жана эл аралык деңгээлдеги шахматчыларды системалуу түрдө даярдоо болуп саналат. Ачылыш аземинде МинКаб башчысы жаш шахматчылар үчүн түзүлгөн окуу-машыгуу шарттары менен таанышып, ата-энелер менен баарлашууда балдардын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн шарт түзүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду. БИШКЕКТЕ УЛУТТУК ШАХМАТ АКАДЕМИЯСЫ АЧЫЛДЫ

Билим берүү тармагы үчүн эң маанилүү жагдайлардын бири — учурда өлкөнүн 500 мектебинде 3-5-класстын окуучулары үчүн «Мектепте шахмат» долбоору пилоттук режимде ишке ашырылып жаткандыгы айтылды. Адылбек Касымалиев мамлекет башчысынын жарлыктары бул багытка жаңы дем бергенин баса белгилеп, жаңы академия Кыргызстанды эл аралык аренада татыктуу көрсөтө турган спортчулардын жаңы муунун калыптандырууга салым кошоруна терең ишеним билдирди. БИШКЕКТЕ УЛУТТУК ШАХМАТ АКАДЕМИЯСЫ АЧЫЛДЫ

Иш-чаранын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев борбордук тактада символикалык биринчи жүрүштү жасап, уюмдун ишин расмий ачты. Улуттук шахмат академиясы мындан ары жаш таланттарды окутуу, машыгууларды жана мелдештерди өткөрүү үчүн өлкөдөгү негизги борбор катары кызмат кылмакчы.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү