ФИН МУНИЦИПАЛДЫК КИТЕПКАНАЛАРЫ

  • 01.12.2020
  • 0

Финдер китепканаларга орточо эсеп менен жылына 11 жолу барып, 17 китеп, аудио же башка материалдарды алат. 5,5 миллион фин калкынын 3 миллиондон ашыгында китепкана карточкасы бар. Эмне себептен финдер китепканаларды мынча көп колдонушат?

Китепканалар финдердин жашоо образынын бир бөлүгү болуп саналат. Билим Финляндияда абдан жогору бааланат. Финдер көп окуган улут, бул китептердин сатылышынан, газеталарды окугандардын санынан жана жыл сайын өткөрүлчү китеп жарманкелеринен байкалат. Өзгөчө жаштарга жана өспүрүмдөргө арналган китептер жакшы сатылат.

Финляндияда китепканалар, кардарлардын баардык талаптарын ар кандай ыкмалар менен канааттандырышат. Акыркы он жылдыкта китептер, музыка жана видеоматериалдарга кошумча электрондук китептерди да сунуштай башташты. Ал эми университеттердин китепканалары үчүн, илимий электрондук макалалар өтө маанилүү ресурс болуп калды.

Акыркы жылдары, ишенимдүү маалыматтарды кандайча алса боло тургандыгы жөнүндө көптөгөн талкуулар болууда. Интернеттен маалымат издөө же табылган маалыматтын сапатын баалоо (factcheck) боюнча ишенимдүү маалымат боло бербеши мүмкүн. Китепканаларда иштеген адистер, фактылардын ишенимдүүлүгүн текшерүүнүн үстүндө иштешүүдө. Медиа сабат кызматы, маалымат издеген китепкана кардарларына берилчү кеңеш жана сунуштардын бир бөлүгү болуп калды. Суроо канчалык оор болсо, китепкананын кызматкери Google’га караганда мыкты жооп табат деген ишеним бар.

Фин китепканалары, биргелешип колдонуу экономикасын(sharing economy) ишке ашырышууда. Мисалы кээ бир жабдыктарды биргелешип колдонулушун, айталы 3D принтерлерди бардыгы эле сатып ала алышпайт. Аны китепти окуу үчүн алгандай эле аларды да колдонууга алса болот. Күнүмдүк жашоонун башка муктаждыктары дагы унутта калтырылган жок. Китепканаларда кан басымды өлчөөчү тонометр, скандинав жүрүшү үчүн таякчаны ижарага алуу же тигүүчү машинада иштөөгө мүмкүн.

Китепканалар жолугушуулар үчүн акысыз орун сунуш кылышат. Бул нерсени коомчулук жогору баалайт. Китепканалар тарабынан уюштурулуп жаткан иш-чаралар ар кандай курактагы адамдарга багытталган – кенже курактагы балдарга аңгеме, жомоктордон баштап, окуучуларга үй тапшырмасын аткаруу, улуу адамдарга онлайн кызматтар боюнча кеңеш берүү. Иммигранттар китепканалар үчүн маанилүү кардарлардын тобуна айланды. Алар үчүн жаңы кызматтардын бири «тил кафеси» уюштурулууда. Ишкерликти(жаш ишкерлер) колдоо жана алыстан иштегендерге китепканалар кеңселерди сунуштай алат. Ал жерде иштегени же интернет менен байланышып иштөөгө болот. Мындай кызматтар муниципалитеттердин экономикалык жагымдуулугун жогорулатат. Китепканалар муниципалитеттерди жоопкерчилинде. Анткени адамдар ошол жакка көчүп барып жашагысы келет, ага жараша ал жерде үйлөрдүн, квартиралардын баасы жогорулайт.

Ар бир муниципалитеттин коомдук китепканалары бар. Ал эми өлкөдө жалпысынан 800 китепкана бар. Алардын кызматы акысыз жана акыркы убактарда муниципалитеттер тарабынан берилүүчү негизги тейлөө кызматына айланды. Бул кызматтар бардык жарандарга жеткиликтүү болушу кепилдикке алынган.

Финдердин коомдук китепканаларынын ийгилиги бир нече факторлорго негизделген. 1990-жылдары улуттук бюджет тарабынан колдоо чоң роль ойногон. Анын негизинде, Маалымат коомунун негизделишине багытталган өкмөттүн программаларында китепканалар өзгөчө ролду ойнойт. Китепканачылар, маалымат тармагында жогорку квалификациядагы адистерге айланган.

Өлкөдөгү бардык китепканалар бирдиктүү тармакты түзөт. Мындай тейлөө кызматын, ийкемдүү регионалдык кызмат көрсөтүүдөн байкасак болот: мисалы, кайсы бир китепканадан алган китепти же башка буюмду, башка региондогу каалаган китепканага кайтарууга болот. Кызматташуу ошондой эле, кызмат көрсөтүүдө синергия (биргелешип аракеттешүү) артыкчылыгын түзөт. Биргелешкен форумдар, мисалы, Киржастот.фи (Kirjastot.fi) жана Улуттук китепкананын онлайн сервисин координациялап уюштурууга жана атайын кызматтарды биргелешип даярдоого жана ошондой эле ресурстарды үнөмдөөгө шарт түзөт.

Фин китепканаларынын негизги стратегиясы, жергиликтүү, регионалдык жана улуттук деңгээлдеги китепканаларда жумуштун туура бөлүнүшү, мында, бардык китепканалар өздөрүнүн актуалдуу маселелерин чечүү үчүн иштешет.

Финл китепканалары жарандарга маалымат берүү, коомдук турмушка катышуу, коммуникациялык жана маданий кызматтарды бере алат. Алар интернет эпохасына билинбестен ийкемдүү өтүп, өздөрүнүн маанилүүлүгүн ар кандай кызматтарды көрсөтүү менен жогорулатышты. Китепканалар, кардарларды тейлөө боюнча сурамжылоодо эң жогорку баа алышууда.

Азыркы учурда китепканалар эң үнөмдүү маалыматтык жана маданий кызмат көрсөтөт. Муниципалитеттердин бюджетинин 1% жетпеген бөлүгү, китепканалар үчүн бөлүнөт. Китепканалардын өнүгүшүнө салынган 1%, туруктуу өнүгүүдө өзүн көп эсеге актайт. Бул болсо жаңы технологиялардын (ноу-хау) пайда болушунан, элдин жыргалчылыгынан, экономикалык пайдадан көрүнүп турат. Эгерде китепканалар жок болсо – анда биз аларды ойлоп тапмакпыз.

Каарина Дромберг,

2002-2003-жылдардагы Маданият министри.

P.S Бул маалыматты Ош шаардык кеңешинин депутаты А.Каримбеков китепкана тууралуу сөзүнөн кийин чыгарууну туура көрдүм. Макала 100 Social Innovations from Finland («ФИНЛЯНДИЯНЫН 100 СОЦИАЛДЫК ИННОВАЦИЯСЫ») китебинен алынды. Китеп кыргызчага которулуп, редакцияланып бүттү.  Буюрса жаңы жылдан кийин басылып чыгат.

Бөлүшүү

Комментарийлер