№18 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙДЕ БИРИНЧИ ЖОЛУ «АКЫРКЫ КОҢГУРОО» КАГЫЛДЫ
- 13.06.2022
- 0
Бүгүн Бишкек шаарындагы No 18 кесиптик лицейде биринчи жолу акыркы коңгуроо салтанаты уюштурулду.
Лицейдин директору Бакыт Малдыбеков: «Эми бул биздин салтыбыз болот», — деп убада берди.



Cалтанатта мыкты бүтүрүүчүлөр жана алардын ата-энелери сыйланды. Айта кетсек, лицейдин тигүүчүлүк адистиги боюнча бүтүрүүчү Бермет Марсбекова Бразилияда өткөн XXIV жайкы сурдолимпиада оюндарынын таэквондо боюнча күмүш байге ээси болгон, ага окуу жайдын ардак грамоталары ыйгарылды.
