№16 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙ

  • 01.08.2019
  • 0

№16 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙ

Урматтуу абитуриент!

Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицей Кыргыз Республикасынын түштүк регионундагы жалпы билим берүүчү жана кесиптик борбор болуп эсептелет.

Биздин лицей мыкты адистерди даярдоодо жогорку потенциалга ээ. Урматтуу мектеп бүтүрүүчүлөрү, эгер сиздер эмгек рыногунда керектүү кесипкөй адис болуп ийгиликтүү болгуңуз келсе, биз сиздерди Ош шаарындагы №16 Кесиптик лицейинде күтөбүз.

Сиздер алдыңкы лицейлердин биринде окуйсуз!

Биздин лицейге аракетчилдер тапшырышат!

Сиздер жогорку деңгээлдеги өндүрүштүк- технологиялык билимге ээ болосуздар!

Биз өзүбүздүн бүтүрүүчүлөрүбүзгө ишенебиз!

Сиздер Кыргызстандын, Орусиянын жана башка чет өлкөдөгү ири ишканаларында иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз.

Бизде алыстан келгендер үчүн бардык шарттар бар.

Жатакана менен камсыз болосуз!

Бизде чыгармачыл, талантуу жаштар окуйт!

Сиздер жаркын кызыктуу кесиптик дүйнөгө баш багасыздар.

Лицейге тапшыруу үчүн керектүү документтер:

  • Билими жөнүндөгү документинин түп нускасы
  • Паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү
  • Үй-бүлөсү тууралуу жана жашаган жеринен тактама
  • Медициналык 086 формадагы жана 063 формадагы маалымдама
  • 4 даана сүрөт (3х4 өлчөмүндө)
  • Ата-энесинин паспорт көчүрмөсү

Биз менен байланышта болуңуз! 

Биздин дарек:

Ош шаары. С. Касымбеков көчөсʏ 4.

Телефон: (03222) 8-49-18;

Факс (03222) 8-49-15;

Сайт: pl16.edu.kg

Email: [email protected],
[email protected]
 

Кабыл алуу комиссиясы

Бөлүшүү

Комментарийлер