ТИЛ БИЛСЕҢ, ДИЛ БИЛЕСИҢ
- 19.02.2024
- 0
КӨП ТИЛ БИЛСЕҢ, ДИЛ БИЛЕСИҢ
21-февраль — эл аралык эне тил күнүнө карата Билим берүү жана илим министрлиги Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунда салтанаттуу иш-чара өтүп, тилге күйгөн бир катар мугалимдер ведомствонун Ардак грамотасы менен сыйланды.
Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу эл аралык эне тил күнүнө карата жарыяланган айлыктын алкагында жасалган иштерге токтолду.
— Мекендештер, алгач эне тилди терең өздөштүрүү менен бир катар тилдерди да билүү заман талабы экендигин билдирем. “Көп тил билсең, көп дил билесиң” демекчи, ар бир элдин маданияты, тарыхы жана дүйнө таанымын жакындан билүү, улуттар аралык ынтымак, ырашкерликке жол ачат, бири-бирибизге толеранттуу болуубузду шарттайт. Өз тилибизди сүйөлү жана баалайлы, коргоп гана койбостон, колдоно билели! – деди салтанаттуу аземди ачып жатып.
Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы Бишкек шаарындагы белгилүү “Креатив-Таалим” билим берүү комплексинин мугалими Касымбек Жунусалиев Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланды.
Иш-чаранын максаты — эне тилге астейдил мамиле жасоо, Кыргызстанда жашаган ар бир улуттун тилине, каада-салтына, маданиятына, тарыхына сый-урмат жасай билүү, кыргыз жеринде ынтымак орношуна бардык күч-аракеттерди жумшоону көздөдү.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер