ЛИРА САМЫКБАЕВА:“ЖАҢЫ ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫ ОРТОМЧУСУЗ АЛУУНУ СҮЙЛӨШТҮК”

  • 09.02.2024
  • 0

ЛИРА САМЫКБАЕВА:“ЖАҢЫ ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫ ОРТОМЧУСУЗ АЛУУНУ СҮЙЛӨШТҮК”

Кечээ жакында билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева Малайзия жана Сингапур өлкөлөрүнө жумушчу иш сапары менен барып келди. Биз өркөнү өскөн эки өлкөнүн билим тармагындагы тажрыйбалары, алдыдагы жаңы кызматташтык туурасында суроо салдык.

— Лира Аманбаевна, Малайзия жана Сингапурдагы иш сапарыңыздар жемиштүү болдубу?

— Ооба, биринчи Малайзия өлкөсүндө болдук. Бул өлкөдө дүйнөлүк рейтингде эң алдыңкы 80 университеттин катарына кирген, эң алгачкы жана эски окуу жайлардын бири болгон Малай университетине бардык. Ал окуу жай менен бир канча кызматташтык тууралуу пикир алышып, кыргызстандык студенттерге да квота бөлүп берүү жөнүндө талкуу жүргүздүк. Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов аталган университетке окуу акысын башка чет өлкөлүк студенттердей эмес, өздөрүнүн студенттери канча төлөсө ошондой сумма кылып берүүсүн өтүнгөндө алар дароо эле макул болду. Ошондой эле Малай университети Орто Азия өлкөлөрүнө атайын өзүнүн кампусун курууну пландап жүргөн экен. Биз аталган кампусту Кыргызстанга курсаңар болот деген сунушубузду айттык.

— Алардын билим берүү системасына токтоло кетсеңиз?

 — Негизи Малайзия англис тилине абдан көңүл бурган өлкө. Мунун себеби бир канча жыл Англиянын колониясы болуп тургандыктан болсо керек. Жогорку окуу жайларга өтүү же мамлекеттик кызмат орундарына баруу үчүн сөзсүз түрдө англис тилинен тесттен өтүү зарыл дешти. Андан сырткары, Малайзия өзүнө коңшу жайгашкан мамлекеттерге дагы атайын англис тил курстарын өтүп турушарын айтышты. Анткени өздөрү мыкты сүйлөгөндүктөн тилди жакшы үйрөтүп, башкаларга салыштырмалуу арзан дагы окутушат. Мисалы,  англис тилин жакшы билбеген адамды бир жыл ичинде эң төмөнкү көрсөткүчтөн B2 көрсөткүчүнө чейин жеткиришет. Биздин өлкө медицинаны жакшы окутуп, окуу баасы арзан болгондуктан, Пакистан жана Индиянын жарандары келип окуп жаткан сыяктуу эле, Малайзияга Корея, Япония, Тайланддын студенттери атайын англис тилин жакшы үйрөнүп, өздөштүрүү максатында барып окушат экен. Биз бул жаатта дагы кызматташуу жөнүндө сүйлөштүк. Буюрса, биздеги мамлекеттик кызматта иштеген кызматкерлерди 2, 3 айга атайын окуу курстарына жиберип турабыз.

— Окуу стандарттары менен да таанышсаңыздар керек?

-Малайзиядагы Google Education компаниясы менен тааныштык. Анын ичинде Google Classroom ж.б. билим берүүгө тиешелүү бир канча платформалар жайгашкан. Аны баары эле жакшы билсе керек. Ошондой эле Google Chrombook деген атайын компьютер чыгарышкан. Бул компьютер бир гана ушул билим берүү уюмдары, тармактары үчүн чыгарылган. Аталган компьютерлер жакшы сапатта чыгарылгандыктан, сууга салса же колдон жерге түшүп кетсе бузулуп калбай иштей берет. Ушундай компьютерлердин биринчи партиясын окуучуларына таратып берген экен. Окуучулар ошол компьютерлер аркылуу окуп билим алат дешти. Ошондой эле Google атайын Малайзия менен Индонезияда өзүнүн чоң кеңсесин ачкан. Анын максаты жогоруда айтып өткөн платформалар аркылуу билим берүү системасын жакшыртуу. Бирок бул менен эле баары укмуш экен деп айтуудан алысмын. Себеби бул өлкөдө интернет жетишсиздиги негизги көйгөй экен. Ошондуктан көбүнчө колдонуучулар өздөрүнө керектүү маалыматтарды Google атайын булут дисктерине сактап, ошол менен иштешет.

Дагы бир өзгөчөлүгү Делима деген билим берүү платформасын түзүшүптүр. Анын жакшы жери мугалимдер ошол менен  ачык сабактарын, конференцияларды, STEM багытындагы сабактарды өткөрүп турушат. Бул мугалимдери үчүн абдан ыңгайлуу платформа экенин байкадык.

— Сингапурдан алган таасирлер кандай болду?

— Малайзиядагы иш сапар аяктаган соң Сингапурга бардык. Ал жактан Ликва Ню деген университеттин жетекчилери менен жолугушуу болду. Магистрдик программа менен мамлекеттик башкаруу тармагы боюнча бизге беш стипендия берели дешти. Азыркы учурда аталган окуу жайда бир кыргызстандык кыз билим алууда. Бул университет дүйнөлүк деңгээлдеги эң алдыңкы 10 окуу жайдын катарына кирет экен. Билим берүүсү абдан сапаттуу жана эң алдыңкы технологиялар менен жабдылыптыр. Дагы бир жакшы жолугушуу бул — “Marshall Cavendish” басма үйү менен болду. Бул басма үйү Сингапурдагы бардык билим берүү мекемелеринин программаларын даярдоочу негизги институт. Мурда мамлекеттин билим берүү тармагынын карамагында болсо, азыр өзүнчө коммерциялык уюм болуп түзүлүптүр. Сингапурлуктар дагы англис тилин экинчи тил катары кабыл алып, ошол тилде жакшы сүйлөгөндүктөн, бул уюмдун материалдары Кэмбридждин стандарттары менен адаптацияланыптыр. STEM  багытында билим берүүсү мыкты жолго коюлуптур. Ошондуктан бул өлкөнүн окуучулары дүйнөлүк PISA изилдөө сынактарында дайыма алдыңкы орундарды ээлеп келишет.

ЛИРА САМЫКБАЕВА:“ЖАҢЫ ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫ ОРТОМЧУСУЗ АЛУУНУ СҮЙЛӨШТҮК”

— Биздин өлкөгө ушул сиз айтып өткөн дүйнөлүк стандарттарды алып келүүгө мүмкүнбү?

— Албетте, жогоруда айткан Сингапурдун билим берүүсү сыяктуу дүйнөлүк эң алдыңкы стандарттарды биздин мектептерге алып келели деген пландарыбыз бар. Бул көп убакытты талап кылат. Ошентсе да алгачкы кадамдарды жасай берели деп жатабыз. Биринчи кезекте мугалимдерибизге ноутбук алып беришибиз керек. Бул үчүн өкмөт тарабынан 1,5 млрд сом бөлүнгөн. Азыр онлайн сабактар көп өтүлө баштады. Мындай учурда мугалимдер аргасыз өздөрүнүн чөнтөк телефондору менен сабак өткөнгө мажбур болуп жатат. Бул аларга абдан ыңгайсыз экенин баарыбыз билебиз. Андан сырткары, дүйнөлүк стандартта бардык программалар компьютер аркылуу жүргүзүлөт.

— Ноутбук демекчи, бизде да ар бир мугалимди бирден ноутбук менен камсыз кылуу аракети башталбадыбы. Бул кандай жол менен ишке ашат?

— Биринчи партиясында 20 миң даана таратылат. Бул биринчи кезекте компьютерге муктаждыгы көбүрөөк мугалимдерге берилет. Алар — информатиктер, англис тили мугалими же STEM багытында сабак өткөн мугалимдер. Андан соң кийинкилери кезек менен таратылып берилет. Дал ушул ноутбук боюнча Лондондон “BETT” деген көргөзмөгө катышканбыз. Бул жалаң жаңы технологиялардын көргөзмөсү. Ал жактан да бир канча жолугушууларды өткөрдүк. Анын ичинен “Lenovo” компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнбүз. Аталган компания ноутбуктарды лизингге берели, андан сырткары мугалимдерге ноутбуктарды кантип пайдаланыш керек ж.б. бардык нерселерин өзүбүз үйрөтөбүз деген сунушун беришти. Көргөзмөдөн чыгып баратып Кытайдын “MADIGI” деген компаниясы менен сүйлөшүп калдык. Алар дагы ноутбук чыгарган компания. Болгону эч кандай бренд эмес, аталышы жок жөн гана ноутбуктарды чыгарабыз деди. Ошол эле “Lenovo”, “LG” ж.б. компаниялары буларга заказ берип чыгартып, анан өздөрүнүн атын чаптап бренд кылышат экен. Ошентип, бул компания бизге “Lenovo” айткан сунуштан да арзан, ыңгайлуу шартты айтышты. Кыргызстанга күнүнө 1000 даана ноутбук чыгара турган линиясын курсак да болот деген сунуш беришти. Биз бул жөнүндө өкмөткө кат киргиздик. Эгер ушул компания менен кызматташып калсак биз үчүн абдан ыңгайлуу жана пайдалуу болот деп ойлойм. Дагы бир айта кетчү нерсе, буга чейин кайсы гана министрлик же мамлекеттик мекеме болбосун ушул сыяктуу технологияларды аларда эч кандай сырттагы компаниялар менен түз иштешип көрбөптүр. Баштарын ооруткусу келбей бөлүнгөн акчага өлкө ичинде тендер жарыялап коюп, ал тендерди ортомчулар утуп алып кымбат баага алып келип турушкан. Кыскасы, бюджетке көптөгөн чыгымдарды алып келишкен. Биз биринчилерден болуп эч кандай тендери жок түзмө-түз завод менен иштешүүнү көздөп жатабыз.

Фархат КАНЫБЕКОВ, «Кут Билим»

ЛИРА САМЫКБАЕВА:“ЖАҢЫ ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫ ОРТОМЧУСУЗ АЛУУНУ СҮЙЛӨШТҮК” ЛИРА САМЫКБАЕВА:“ЖАҢЫ ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫ ОРТОМЧУСУЗ АЛУУНУ СҮЙЛӨШТҮК”

Бөлүшүү

Комментарийлер