«ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ» РЕСПУБЛИКАЛЫК СЫНАК ӨЗ ИШИН БАШТАДЫ
- 03.10.2023
- 0
Бүгүн, 2023-жылдын 3-октябрында Бишкек шаарындагы А.Молдокулов атындагы N5 Улуттук инновациялык-технологиялар мектеп -гимназиянын базасында республикалык «Жылдын мыкты мугалими», «Жылдын мыкты тарбиячысы», «Мектептен тышкаркы кошумча билим берүүнүн мыкты мугалими» кароо-сынагы башталды. Сынак эки тур менен өтөт. Бүгүн катышуучулар өзүн-өзү көрсөтүү, мастер- класс боюнча күч сынашат.
«Жылдын мыкты мугалими» конкурсунун өзүн- өзү көрсөтүүнү баалоо жана эсептөө боюнча калыстар тобунун төрайымы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору, п.и.к., доцент Калиман Джунушалиева, анын орун басары КББАнын филологиялык билим берүү лабораториясынын башкы илимий кызматкери, п.и.д., профессор Сулайман Рысбаев, мүчөлөрү: «Педагогика» программасынын жетекчиси, п.и.к., доцент; эл аралык Кувейт университетинин тарбия иштери боюнча координатору Адилет Самсалиев, Билим берүү сапатын баалоо жана маалымат технологияларынын улуттук борборунун директору Бактыгүл Шамшидинова, И.Раззаков атындагы КМТУнун доценти, т.и.к. Нурлан Жогоштиев, КББАнын табигый-илимий жана математикалык билим берүү лабораториясынын ага илимий кызматкери.
«Мектептен тышкаркы кошумча билим берүүнүн мыкты мугалими» конкурсунун өзүн өзү көрсөтүүнү жана методикалык кейстерин баалоо боюнча калыстар тобунун курамы: төрагасы КББАнын өнөр, технология жана дене тарбия лабораториясынын ага илимий кызматкери, орун басары «Балажан» РЭТОУБнун директору,, п.и.к. Дария Мусина, «Сейтек» БӨУБнын үчүнчүсү, п.и.к. Сабийра Челпакова, ЭЖТТРБӨБнун директору Уланбек Рыскулов, ПККЖ жана КДРИ, «Билим берүүдөгү менеджмент» кафедрасынын доценти Замира Ажыбаева. Эсептөө тобунун төрайымы «Сейтек» борборунун директору Ирина Балтабаева.
Гульнара АЛЫБАЕВА «Кут Билим»
Комментарийлер