147 МИҢГЕ ЖАКЫН БАЛА АЛГАЧ ИРЕТ МЕКТЕП БОСОГОСУН АТТАДЫ
- 15.09.2026
- 0
Бүгүн өлкөбүздүн мектептери 1,5 миллион окуучуга эшигин ачып, жаңы окуу жылы салтанаттуу түрдө башталды. Алардын ичинен 147 миңге жакын наристе мектеп босогосун алгачкы жолу аттап, билим дүйнөсүнө кадам таштады. 
Быйылкы окуу жылы билим берүү тармагындагы маанилүү өзгөрүүлөр менен коштолууда. 12 жылдык билим берүүгө этап-этабы менен өтүүнүн экинчи этабынын алкагында 1, 2, 3, 5, 7 жана 8-класстар жаңы билим берүү системасына өтүштү. Ал эми 4, 9, 10 жана 11-класстардын окуучулары 11 жылдык мектептик билим берүү системасы боюнча окуусун улантышмакчы. 
Учурда республика боюнча жалпысынан 2374 мектеп (анын ичинде 2132си мамлекеттик, 242си жеке менчик) иштеп жатса, ал жерде 97 миңге жакын мугалим эмгектенип, жаш муунга татыктуу тарбия жана билим берүүдө. Ошондой эле, өлкөдө 94 кесиптик лицей иш алып барып, жаңы окуу жылына карата аларга электрондук система аркылуу 17 миң 307 окуучу кабыл алынды.
Билим берүү тармагындагы инфраструктураны жакшыртуу багытында да ири иштер аткарылып жатат. Жакында эле, 2026-жылдын 11-сентябрында Талас облусунда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда өлкө боюнча 100 социалдык объект онлайн форматта пайдаланууга берилди. Алардын катарында 34 мектеп жана 28 бала бакча бар. Бул демилге уланып, жыл аягына чейин дагы 58 билим берүү объектисин пайдаланууга берүү каралган. Анын ичинен 56сы жаңы курулуш объектиси (49 мектеп жана 7 бала бакча) болсо, калган 2 мектеп капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп берилет. 
Жаңы окуу жылында ар бир билим берүү мекемесинде сапаттуу билимге, чыгармачылыкка жана жаңы жетишкендиктерге жол ачылсын!