ЭКОНОМИКАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН ЭКИНЧИ ТУРУ СТАРТ АЛДЫ

  • 30.05.2023
  • 0

Бүгүн, 30-майда, Бишкек шаарынын Аалы Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназиясынын базасында экономика боюнча эл аралык олимпиаданын республикалык деңгээлдеги экинчи этабы башталды. Анын максаты: өспүрүмдөр арасындагы экономикалык маалымдуулукту жогорулатуу,  финансылык сабаттуулукту жогорулатуу, акчаны аң-сезимдүү жана эффективдүү пайдалануу, пландаштыруу, келечектеги кесипти аң-сезимдүү тандоо жана эмгек рыногуна багыт алуу.

Экинчи турда, 1700 окуучунун ичинен тандалып алынган, 53 окуучу ат салышып жатат. Алар,  ушул жылдын 10-13-апрелинде өткөрүлгөн онлайн олимпиаданын биринчи турунун жеңүүчүлөрү.

Бүгүнкү экинчи турдан суурулуп чыккан беш окуучу, 2023-жылдын 4-сентябрында Словакиянын Братислава шаарында өтүүчү эл аралык олимпиадынын финалдык турунда Кыргызстандын намысын коргойт.

Бөлүшүү

Комментарийлер