140 МЫКТЫ ОКУУЧУ ЖАНА АКТИВИСТ БАЛДАР-ӨСПҮРҮМДӨР УЮМДАРЫНА МҮЧӨ БОЛУШТУ

  • 16.05.2023
  • 0

15-майда билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Уланбек Усеков Иманалы Айдарбеков атындагы №1 Лебединовка мектеп-гимназиясында 3-11-классттардын 140 мыкты окуучусун, активисттерин “Манас”, “Семетей” жана “Сейтек” балдар-өспүрүмдөр уюмдарына кабыл алууга арналган салтанатка катышты.

140 МЫКТЫ ОКУУЧУ ЖАНА АКТИВИСТ БАЛДАР-ӨСПҮРҮМДӨР УЮМДАРЫНА МҮЧӨ БОЛУШТУ

Балдар-өспүрүмдөр уюмдарынын мүчөлөрү окууда жана эмгекте үлгү көрсөтүүгө, окуу предметтерин өздөштүрүүдө жолдошторуна жардам берүүгө, мектептин коомдук турмушуна активдүү катышууга милдеттүү.

Отряддар балдар-өспүрүмдөр уюмдарынын мүчөлөрүнүн антын айтып, төш белгилер менен сыйланышты.

Линейкага окуучулардын ата-энелери да катышты.

Иш-чара мектеп окуучуларын улуттук, адамдык, үй-бүлөлүк жана коомдук баалуулуктарга негизделген идеяларга тарбиялоого багытталган.

Мектептин демилгеси Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын жана Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 10-апрелдеги №101-б буйругун аткаруу максатында ишке ашырылууда.

Бөлүшүү

Комментарийлер