НАРЫНДЫК МЫКТЫ МУГАЛИМДЕР АНЫКТАЛДЫ

  • 06.03.2019
  • 0

Нарын шаарындагы Ж.Шералиев атындагы музыка жана искусство мектебинде Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен аныкталган “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү” жылынын, Т.Усубалиевдин 100 жылдыгынын алкагында жана республикалык «Мугалим» илимий-педагогикалык журналынын 5 жылдыгына карата «Мугалим коомдун күзгүсү — 2019» кароо-сынагынын облустук туру өттү.

НАРЫНДЫК МЫКТЫ МУГАЛИМДЕР АНЫКТАЛДЫ

  • Сынакка жалпысынан 11 мугалим катышты. Сынакта мугалимдер өз иштерин презентациялап, интеллектуалдык деңгээлин, заманбап мугалимдин имиджин, мыкты портфолиосун көрсөтүү менен, өнөрлөрүн тартуулашты. Кароо-сынактын жыйынтыгы менен: Бокоев Нарынбек Турсуналиевич (Нарын шаары) жана Мамбетова Мирзат Асанкуловна (Нарын району) «Мыкты педагог» номинациясында «Баш байгеге» ээ болуп, диплом жана республикалык турга жолдомо алышты. Токтакунова Венера Насырымбековна (Нарын району) 1-орунду ээлеп, «Жанычыл мугалим» номинациясына, ал эми Эшимбек кызы Айсулуу (Кочкор району) 2-орунга татып, «Компетенттүү мугалим», Мамытбекова Гүлсайра Ишеналиевна (Нарын шаары) 3-орунду алып, «Таланттуу мугалим» номинациясына, Бообек уулу Болот (Кочкор району) 3-орунду камсыздап, «Кесипкөй мугалим» номинациясына ээ болушту. Ал эми Алымбаева Нургүл Абдыкапаровнага (Ак-Талаа району) Ардак грамота жана Ысык-Көлдө 2019-жылдын жай айларында өтүүчү «Окуучу күткөн мугалим» II республикалык жайкы мектебине 6 күндүк жолдомо ыйгарылды, — дейт журналдын башкы редактору Рахат Сулайманова.

Сынактын жүрүшүндө интернет колдонуучулардын дагы сынына коюлуп, жалпы 8955 добуш берилип, анын ичинен 2285 добуш менен Кочкор районунун мугалими Эшимбек кызы Айсулуу «Интернет жылдызы» номинациясына татыды.

Сынак эстафетасы салтка ылайык Жалал-Абад облусуна өткөрүлдү.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер