“АТА-ЭНЕЛЕР МЕКТЕБИ” ПРОГРАММАСЫ ИШКЕ АШЫРЫЛУУДА
- 08.02.2023
- 0
Кыргыз-Кыштак айыл аймагындагы Т.Тургунов атындагы орто мектебинин даярдоо классынын жетекчиси Бостонова Элмира «Ата-энелер мектеби» программасынын алкагында «Сиздин балаңыз окуучу болду» деген темада семинар өткөрдү.
Маалыматка таянсак, семинарга келген ата-энелер мугалимдин чеберчилиги менен даярдалган тапшырмаларды топторго бөлүнүп, кызыгуу менен аткарышты. Ошону менен катар, тема боюнча талкуу болуп, кызыктуу оюндар, тест, слайд көргөзүү менен коштолду.
Эске салсак, 2022-жылдын 1-октябрынан баштап Кыргызстандын пилоттук мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарында “Ата-энелер мектеби” программасы этап-этабы менен киргизиле баштаган.
Г.А., “КБ”
Бөлүшүү
Комментарийлер