АЛА-БУКА РАЙОНУНДА 90 ОРУНДУУ ЭКИ БАЛА БАКЧА КУРУЛУУДА

  • 24.11.2022
  • 0

Ала-Бука районунун Ак-Там айыл аймагында 90 орундуу эки бала бакчанын курулуш иштери жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

АЛА-БУКА РАЙОНУНДА 90 ОРУНДУУ ЭКИ БАЛА БАКЧА КУРУЛУУДА

Маалыматта айтылгандай аймактагы социалдык объектилердин абалы менен КР президентинин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев таанышып чыкты.

АЛА-БУКА РАЙОНУНДА 90 ОРУНДУУ ЭКИ БАЛА БАКЧА КУРУЛУУДА

«Азыркы учурда райондун Ак-Там айыл аймагындагы Ак-Там жана Кызыл-Ата айылдарында 90 орундуу эки бала бакчанын курулуш иштери 70-80 пайызга аяктап калган. Мектепке чейинки билим берүү мекемелерин курууга райондун өнүктүрүү фондунан жалпы 39 млн сомго жакын каражат бөлүнгөн»деп айтылат билдирүүдө.

АЛА-БУКА РАЙОНУНДА 90 ОРУНДУУ ЭКИ БАЛА БАКЧА КУРУЛУУДА

 

Ала-Бука районунда жалпы 28 бала бакча болуп, камсыздоо 32 пайызды түзөт. Район боюнча дагы төрт бала бакчанын курулуш иштери уланууда.

Бөлүшүү

Комментарийлер