ДАГЫ 120 МИҢ БӨБӨК БАЛА БАКЧАГА БАРА БАШТАЙТ

  • 28.02.2024
  • 0

Уктоочу бөлмөлөрдү оптимизациялоонун натыйжасында 120 миң бала бала бакча менен камсыз болот. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева КР ЖК жыйынында билдирди.

Расмий маалыматка ылайык, учурда бала бакчаларда кыска мөөнөткө, тагыраак айтканда, эки саат балдар уктаган учурда эле пайдаланылган 4900 уктоочу бөлмө бар. Ошол бөлмөлөрдү оптимизациялоонун натыйжасында, 120 миң бөбөк бала бакчага баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болору күтүлүүдө.

Андан сырткары жер-жерлерде үй-бүлөлүк типтердеги менчик бала бакчаларды ачуу кеңири кулач жайып келатат. 2023-жылдын 4-майындагы «Өкмөттүк акселераторлор» программасын ишке ашыруунун алкагында «Жеке ишкерлер тарабынан турак жайларда мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдө окутуунун, аттестациялоонун жана кабарлоонун тартибин бекитүү тууралуу» ведомстволор аралык буйруктун негизинде 800 адам окутулган, 570 сертификат алып, жалпысынан 262 жеке ишкер катталган.

Керектүү уруксаттар алынган жана ошого жараша пилоттук жаңы конуштардагы турак жайларда мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүү башталган. Үйүндө бала бакча ачкан ишкерлер салык төлөөдөн бошотулган. Ыкчам маалыматтар боюнча учурда 41 үй тибиндеги бала бакча ачылып, аларда 1000ден ашык бала тарбияланууда.

Жеке менчик бала бакчаларды мындай ыкманын жардамы менен ачуунун негизинде аял ишкерлиги колдоого алынып, аларды мамлекет өзү каржылоого алуу жагы да каралууда.

Акыркы маалыматтар боюнча өлкө боюнча 2 миңден ашык бала бакча куруу зарыл.

Бөлүшүү

Комментарийлер