12 ЖЫЛДЫК: ОКУУЧУЛАРДЫН ФУНКЦИОНАЛДЫК САБАТТУУЛУГУ ЖАНА КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮГҮ ЖОГОРУЛАЙТ

  • 19.03.2024
  • 0

Министрлер Кабинетинин жыйынында 12 жылдык билим берүү модели жактырылды.

12 ЖЫЛДЫК: ОКУУЧУЛАРДЫН ФУНКЦИОНАЛДЫК САБАТТУУЛУГУ ЖАНА КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮГҮ ЖОГОРУЛАЙТ

 

 

Маалыматка ылайык, дүйнөлүк коомчулукта кабыл алынган билим берүү тенденцияларын жана жалпы билим берүү системасында окуу мөөнөтүн өзгөртүү аркылуу окуучулардын функционалдык сабаттуулугун жана компетенттүүлүгүн жогорулатуу максатында «Жалпы орто билим берүүнүн түзүмүн модернизациялоо жөнүндө» токтомду карап, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү жактырышты.

Бул чечим мектептин жалпы билим берүү системасын 12 жылдык билим берүү моделине этап-этабы менен өтүүнү жана өлкөнүн экономикалык бакубаттуулугу үчүн атаандаштыкка жөндөмдүү адамдык капиталды өнүктүрүүнү камсыз кылуу менен заманбап билим берүү тенденцияларына ылайык билим берүүнүн мазмунун жаңылоону баштайт.

Белгилей кетсек, 12 жылдык билим берүүгө өтүү менен 5-6 жаштагы балдар 100% милдеттүү түрдө мектепте билим алышат. Мектепке чейинки даярдоо программасын ишке ашырып жаткан мугалимдер 12 жылдык окуу мөөнөтүнүн кириши менен атайын квалификацияны жогорулатуу курстарынан өтүп, 1-класстарды окутууну улантышат.

Учурда жалпы билим берүүчү мектептерде, мектепке чейинки даярдоо үчүн 4048ден ашык класстар уюштурулуп, алар балдардын жаш өзгөчөлүгүнө ылайыктуу окуу эмеректери жана окуу куралдары менен жабдылган.

Мектеп имараттарын жана алардын материалдык-техникалык жактан жабдылышын инвентаризациялоонун жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте окуучуларга кошумча орун берүү зарылдыгын чечүү пландалууда.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер