12 ЖЫЛДЫК МЕКТЕПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ЭТАП-ЭТАБЫ МЕНЕН КИРГИЗҮҮ ЖӨНҮНДӨ ТОКТОМДУН ДОЛБООРУ КООМДУК ТАЛКУУГА КОЮЛДУ

  • 17.04.2024
  • 0

17-апрелде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында коомдук талкуулоо үчүн “Кыргыз Республикасында мектептик билим берүүнүн он эки жылдык түзүмүн этап-этабы менен киргизүү боюнча иш-аракеттер планын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору жарыяланды.

12 ЖЫЛДЫК МЕКТЕПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ЭТАП-ЭТАБЫ МЕНЕН КИРГИЗҮҮ ЖӨНҮНДӨ ТОКТОМДУН ДОЛБООРУ КООМДУК ТАЛКУУГА КОЮЛДУ

Токтом окуучулардын функционалдык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган,  бул үчүн мектептик билим берүүнүн мазмуну жаңыланат.

Долбоордо мектептик билим берүүнүн он эки жылдык түзүмүн этап-этабы менен киргизүү боюнча иш-аракеттер планын бекитүү каралган.

Иш-аракеттер планына ылайык 2024-жылдын 1-июлуна карата 12 жылдык орто жалпы билим берүүнүн Концепциясы иштелип чыгышы керек, 1-сентябрга карата – мамлекеттик билим берүү стандарты, 1-октябрга карата –базистик окуу планы, 2026-жылдын 1-апрелине карата – мамлекеттик жана муниципалдык мектептерге балдарды электрондук каттоого өзгөртүүлөрдү киргизүү, 2026-жылдын 1-августуна карата – окуу китептерин жаңылоо.

Токтом долбоору — http://koomtalkuu.gov.kg/ru/view-npa/3685

Сиздер сын-пикирлерди жана сунуштарды жөнөтсө аласыздар.

Бул үчүн алдын-ала http://koomtalkuu.gov.kg/ru/register сайтынан каттоодон өтүү жана http://koomtalkuu.gov.kg/ru/login авторизация кылуу керек.

Келип түшкөн сын-пикирлер жана сунуштар долбоорду толуктап иштеп чыгууда эске алынат.

Бөлүшүү

Комментарийлер