12 ЖЫЛДЫК МЕКТЕП МИФ ЭМЕС, РЕАЛДУУЛУК
- 11.03.2025
- 0
Алдыдагы беш жылда, тагыраак айтканда, 2030-жылга чейинки өлкөбүздүн билим берүү тармагындагы эң зор өзгөрүүлөр – 12 жылдык мектептик билим берүүнү киргизүү аракеттери менен түздөн-түз байланышкан. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта, маалымат жыйынында билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева журналисттерге айтып берди.
Билим берүү тармагынын жетекчиси өз сөзүндө 2024-жылы «Алтын Казык» программасынын алкагында бир топ маанилүү чечимдер: атап айтсак, 12 жылдык билим берүүнү этап-этабы менен киргизүү жөнүндө тескеме кабыл алынганын, анын негизинде 12 жылдык мектептик билим берүүнү киргизүү боюнча 2024–2028-жылдарга карата Иш-чаралар планы бекитилгенин баса белгиледи. Программанын алкагында аткарылган иштерге келсек, Д.Ш. Кендирбаева окуу китептеринин сапатын жакшыртуу максатында «Окуу китеби» басма үйү» мамлекеттик мекемеси түзүлгөнүн, мындан тышкары, Marshall Cavendish (Сингапур) компаниясы менен лицензиялык келишимдер түзүлүп, математика, физика, химия, биология, жаратылыш таануу жана англис тили боюнча окуу-методикалык комплекстерди чексиз колдонуу укугу алынганын, ошондой эле мектепке чейинки жана мектептик билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын долбоору иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлганын кабарлады.
Журналисттер үчүн уюштурулган жыйында жакынкы убактарда мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча жаңы модулдарды киргизүү, мектептерди заманбап окуу китептери менен камсыздоо, мектептик билим берүүнүн сапатын мониторинг кылуу, мугалимдерге комплекстүү методикалык колдоо көрсөтүү (методикалык борборлорду реформалоо), окуучулардын жарандык тарбиясын күчөтүү – улуттук салттарды калыптандыруу, аң-сезимдүү жоопкерчилик, толеранттуулук жана мектеп жашоосуна активдүү катышуу пландары алдыда турганы белгиленди.
Маалымат жыйынга Билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева, Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Исираилова, Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Касымова Нурзида, Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун директору Алмаз Токтомаметов, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева катышты жана журналисттердин кызыккан суроолоруна жооп берди.
А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»
Комментарийлер