12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ: ДҮЙНӨЛҮК ТЕНДЕНЦИЯЛАР, ИЛИМИЙ НЕГИЗДӨӨЛӨР

  • 25.04.2024
  • 0

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ: ДҮЙНӨЛҮК ТЕНДЕНЦИЯЛАР, ИЛИМИЙ НЕГИЗДӨӨЛӨР22-апрелинде Бейшен Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекетик дене тарбия жана спорт академиясында “12 жылдык билим берүү: дүйнөлүк тенденциялар жана илимий негиздөөлөр” темасында тегерек үстөл өткөрүлдү.

Бул иш-чараны Б.Турусбеков атындагы КМДТжСАнын ректору, доцент Саитдин Азизбаев ачып, каралып жаткан маселенин учурдагы маанилүүлүгү зарылдыгы туурасында токтолуп, 12 жылдык билим берүү мезгил талабы экенин, дүйнө жүзүндөгү 130дан ашуун мамлекетте ишке ашып жатканын, өлкөдө билим берүү системасын реформалоонун зарылдыгын, окуучулар мектептен кошумча кесиптерге ээ болууга шарт түзүүлөрүн айтты.

Тегерек үстөлдө Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Илим жана инновациялар башкармалыгынын башчысы, техника илимдеринин кандидаты, доцент Гүлжигит Токтошев 12 жылдык билим берүү системасынын алгылыктуу жактарына кеңири токтолду.

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ: ДҮЙНӨЛҮК ТЕНДЕНЦИЯЛАР, ИЛИМИЙ НЕГИЗДӨӨЛӨРАнда, 12 жылдык билим берүүдөгү дүйнөлүк тенденциялар жана илимий негиздөөлөр, окуучулардын кесиптик билим алуусунун мүмкүнчүлүктөрү,  чет өлкөдөгү 12 жылдык окуу системасынын өзгөчөлүктөрү жана мектептердеги дене тарбия сабагын ыңгайлаштыруу маселелерине арналган суроолор талкууланды.

Педагогика илимдериин кандидаты, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек  сиңирген кызматкер Марат Саралаев  “Он эки жылдык билим берүү — окуучулардын кесиптик билим алуусунун мүмкүнчүлүктөрү” деген темада кеңири талдоого алган доклад жасады.

Phd иммунология жана физиология боюнча адис Мээрим Нурбаева    Испаниядан онлайн менен видео байланышка чыгып, “Научные основы перехода 12 летному образованию” темада Канада, Испания, Монголия жана Индонезия өлкөлөрүнүн мисалында 12 жылдык билим берүүнүн артыкчылыктары жана өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири баяндама жасады.

         Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы  жаштардын жогорку окумуштуулар кеңешинин төрагасы, филология илимдеринин кандидаты, доцент Жайлоо Мамытбеков  “Перспективы развития 12 летного образовательного пути фокусом на инженерно-техническом превосходстве” деген темада кеңири баяндамасын фактылар менен далилдеп, техникалык окуучуларды кесиптерге даярдоонун артыкчылыктарын билдирди.

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ: ДҮЙНӨЛҮК ТЕНДЕНЦИЯЛАР, ИЛИМИЙ НЕГИЗДӨӨЛӨРАКШдагы Түндүк Америка университетинин магистри Токтосун уулу Бердалы дагы видео байланышка чыгып, чет өлкөдөгү 12 жылдык окуу системасынын өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири айтып берди.

Тегерек үстөлдүн жүрүшүндө дене тарбия  билим берүү чөйрөсүндөгү адистер тарабынан айтылган сунуштар кеңейтилип жана системага келтирилип, интернет-сайтка жайгаштырып, коомчулукка жеткирүү үчүн Билим берүү жана илим министрлигине сунушталды.

Кабыл Макешов, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер