12 жылдык билим берүү: көйгөйлөр, сунуштар
- 03.07.2024
- 0
Бишкекте өтүп жаткан 12 жылдык мектепке көчүүгө багытталган модернизациялык пландарды талкуулоо боюнча форумдун үчүнчү күнүндө катышуучулар 12 жылдык билим берүүгө өтүү пландары, көйгөйлөрү, чечүү жолдору тууралуу презентацияларын жасоодо.
Талас облустук билим берүү усулдук борборунун жетекчиси Салтанат Бейшенова 12 жылдык билим берүү системасына болгон даярдыктары тууралуу айтты. Анын айтымында, облус боюнча 114 мектеп, 78 бала бакча, төрт кошумча билим берүү уюму, алты кесиптик лицей бар. Кээ бир кесиптик окуу жайлары мекептен алыс жайгашкан. Кесиптик лицейлер жок же аймактан алыс жайгашкандыктан лицейлерге бекитилбеген мектердин саны — 8, ал эми окуучулар — 3463. Ошондой эле айрым мектептерге класс кабинеттери жана мугалимдер жетишпейт. Кесипке багыт берүүчү жабдууланган атайын класстардын аздыгы да көйгөйлөрдүн бири. Мындан сырткары усулчулардын да эмгек акысы аз болгондуктан, тажрыйбалуу адистер бир ай эмгектенгенден кийин кетүүгө шашат.
Мектептердеги АРТдин жыйынтыгы менен бошогон имараттарды класстык кабинет катары пайдалуу, мугалимдерди кошумча окуу курстарына жиберүү, кесиптик лицейлер менен түзүлгөн келишимдин негизинде мектептерге кесиптик класстарды ачуу, усулчулардын айлык маянасын көтөрүү аркылуу бул маселелерди чече алары айтылат презентацияда.
Айгерим Токтобаева, «Кут Билим»
Комментарийлер