12-ДЕКАБРЬ — УЛУТТУК АДАБИЯТ КҮНҮ

  • 12.12.2020
  • 0

Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин «Арт-Мурас» студиясынын студенттери Ч.Айтматов атындагы китепканада уюштурулган «Айтматов ааламы» атту иш-чарага катышып келишти.

12-ДЕКАБРЬ - УЛУТТУК АДАБИЯТ КҮНҮ

Ага Ч.Айтматовдун замандаштары: Кыргыз эл жазуучусу, акын, драматург, котормочу жана коомдук ишмер Асан Жакшылыков,  экс-премьер министр Амангелди Муралиев, Улуттук «Манас» жана «Чыңгыз Айтматов» академиясынын президенти, коомдук ишмер  Топчубек Тургуналиев ж.б. катышышты.

«Арт-Мурас» студиясынын студенттери «Айтматов ааламы» деген аталыштагы  музыкалык композициясын аткарып беришти. Китепкананын жетекчилиги университеттин студенттерине жана  «Арт-Мурас» студиясынын көркөм жетекчиси Кундуз Макеевага иш-чарага жигердүү катышкандыгы үчүн Ардак грамоларды тапшырып, ыраазычылык билдиришти.

Бөлүшүү

Комментарийлер