«БИЗ ДҮЙНӨНҮ ӨЗГӨРТӨБҮЗ, ДҮЙНӨ БИЗДИ ӨЗГӨРТӨТ»

  • 12.12.2024
  • 0

Бул күнү заманыбыздын залкары, жаңыча көз караштагы, багыттагы адабий чыгармалары менен улуттук адабиятка кайталангыс бурулуш жасаган, кыргыз атын өз чыгармалары менен бүт дүйнөгө тааныткан улуу инсанэл баатырыэл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү

"БИЗ ДҮЙНӨНҮ ӨЗГӨРТӨБҮЗ, ДҮЙНӨ БИЗДИ ӨЗГӨРТӨТ"

— Ошондой эле оозеки чыгармачылык менен профессионал адабияттын ортосунда арасат калган кыргыз поэзиясын жаңыча багытка алып чыккан, чыныгы профессионалдык деңгээлге чыгуусуна өз салымын кошуп кеткен, аз жашаса да, кыргыз адабиятына ат көтөргүс эмгек жасаган алп акын Алыкул Осмоновдун көз жумган күнү катары белгилүү. Мына ушул эки символикалуу датаны эске алуу менен 2011-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атайын токтому аркылуу (демилгечи: Кыргыз эл акыны, ошол кездеги Жогорку Кеңештин депутаты Эгемберди Эрматов) 12-декабрь Улуттук адабият күнү деп кабыл алынган, — дейт Талас шаардык усулдук кабинеттин башчысы Э.Сатыбалдиева.

"БИЗ ДҮЙНӨНҮ ӨЗГӨРТӨБҮЗ, ДҮЙНӨ БИЗДИ ӨЗГӨРТӨТ"

 

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер