12 АЙ БОЮ БАКЧАДА

  • 03.07.2024
  • 0

Нарын шаарындагы бала бакчалар келерки жылдан баштап балдарды 12 ай ичи үзгүлтүксүз кабыл ала баштайт. Бул тууралуу Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Айнагүл Ашыралиева билдирди.

Нарын шаарынын тургундарында мындай мүмкүнчүлүк шаар жетекчилиги бюджеттик каржылоону мурдагыдай 9 айга эмес, бир жыл толугу менен жүргүзүү чечимин кабыл алгандан кийин пайда болууда.

— Статистика боюнча Нарын шаарында бир жаштан алты жашка чейинки 5663 бала бар. Анын ичинен 3081 бала бакчага тартылган, 1077 бала кезекте турат. Баардыгы болуп шаарыбызда 9 бала бакча бар.

12 жылдык билим берүүгө өтүүгө даярдык көрүү боюнча бакчалардын, андагы балдардын санын тактап, даярдоо тайпаларындагы балдардын даярдыктарына, алардын үй-бүлөлөрүнүн социалдык абалына анализ жүргүзүп жатабыз. Былтыр бакчалардагы уктоочу бөлмөлөрдү оюн ойноо жана даярдоо бөлмөлөрүнө ыңгайлаштыруу жолу менен кошумча орундарды камсыздоого жетиштик. Бул айрыкча ата-энелерге аябай жагып жатат. Андан тышкары акселераторлор программасынын алкагында үч бала бакча ачылып, 20 баладан кабыл алынды, ачыла турган дагы 3 бала бакча даяр болуп калды. Алар учурда тиешелүү документтерин жөндөп жатат. Биз өз кезегинде аларга методикалык колдонмолорду камсыздоо жагынан жардам берип жатабыз, — дейт.

Айтымында, эки мектептин базасында бөбөктөрдү кабыл алуучу кыска мөөнөттүү төрт тайпа ачылууга дээрлик даяр болуп калды. К.Жакыпов атындагы мектептин жаңы курулуп жаткан курулушу жаңы окуу жылында ишке киргизилсе, бошогон имарат бала бакча болот.

Ошол эле маалымат булагынан маалым болгондой, буга чейин бөбөктөр бала бакчага тогуз ай барып, жайында үйлөрүндө бош калып келсе, шаардык мэриянын атайын чечими менен келерки жылдан баштап бала бакчаларды үзгүлтүксүз каржылоо жүргүзүлүп, балдар кышы-жайы бакчага бара баштайт.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер