114 ӨЛКӨНҮН БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРЛЕРИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОЦЕССИН КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИН ТАЛКУУЛАШТЫ

  • 30.03.2021
  • 0
Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев «COVID менен өткөн бир жыл: бүгүнкү муун үчүн апааттан качуу үчүн билим берүүнү калыбына келтирүү боюнча приоритет» деген темадагы онлайн-кеңешмеге катышты.
114 ӨЛКӨНҮН БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРЛЕРИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОЦЕССИН КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИН ТАЛКУУЛАШТЫ
Дүйнө жүзүнөн 114 өлкөнүн билим берүү министрлери катышкан жогорку деңгээлдеги онлайн-кеңешме ЮНЕСКО тарабынан уюштурулду.
Аталган кеңешменин максаты билимдерге, фактыларга негизделген жана билим берүү уюмдарынын ишин калыбына келтирүү процессин түзүү үчүн прецендентсиз кырдаал шарттарындагы натыйжалуу көп тараптуу өз ара аракеттешүү жана кызматташуу менен бышыкталган практикалык тажрыйба алмашуу болду.
Кеңешмеде министрлер COVID-19 пандемиясынын шарттарында жалпы билим берүүчү мектептерде окуу-тарбиялоо процессин жана аралыктан окутуу форматын уюштуруу тажрыйбаларын бөлүшүштү.
114 ӨЛКӨНҮН БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРЛЕРИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОЦЕССИН КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИН ТАЛКУУЛАШТЫ
«Мектептердин ишин жандандыруу, приоритеттерди аныктоо жана мугалимдерди колдоо» темасында сүйлөгөн сөзүндө А. Бейшеналиев өлкөбүздө билим берүү контенти онлайн форматка которулганын, 7000ден ашуун видеосабак даярдалып, ырааттама боюнча эки мамлекеттик телеканал аркылуу көрсөтүлгөнүн айтып берди.
А. Бейшеналиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бүткүл өлкө боюнча билим берүү мекемелерин жабуу тууралуу жалпы буйрук чыгаруудан баш тартканын, анын ордуна өлкө жергиликтүү бийлик органдарына жер-жерлердеги эпидемиологиялык кырдаалга жараша окуу процессин токтото туруу тууралуу чечимди өз алдынча кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн бергенин баса белгиледи.
Бөлүшүү

Комментарийлер