1120 БАЛА КОРОНАВИРУС ЖУКТУРУП АЛЫШКАН

  • 04.09.2020
  • 0
1120 БАЛА КОРОНАВИРУС ЖУКТУРУП АЛЫШКАН

Август айында Кыргызстан боюнча 14 жашка чейинки 1 120 бала коронавируска кабылды. Бул тууралуу брифинг учурунда Квалификацияны жогорулатуу жана кайра даярдоо Кыргыз мамлекеттик медицина институтунун анестезиология жана реанимация курсу менен педиатрия кафедрасынын башчысы Венера Шүкүрова билдирди.

“Анын ичинен бир жашка чейинкилер — 117, 354 бала 1-5 жаштагылар, ал эми 649 бала 6-14 жаштагылар”, — деди адис.

Ошондой эле ал учурда республика боюнча COVID-19га чалдыккан балдарды кабыл алууга 2 356 керебет даяр экенин айтты. Алар төмөндөгү ооруканаларда жайгашкан:

Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борбору;

Бишкектеги №3 шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасы;

Ош облустар аралык клиникалык балдар ооруканасы;

Кара-Суу аймактык балдар ооруканасы;

Республикалык жугуштуу илдеттер клиникалык ооруканасы.

Мындан тышкары, аймактык ооруканалардын балдар бөлүмү дагы коронавируска кабылган бөбөктөрдү кабыл алат.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер