11 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ ӨЗ ДООРУН ЖАШАП БҮТТҮ

  • 22.09.2025
  • 0

11 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ ӨЗ ДООРУН ЖАШАП БҮТТҮ

Өз доорунда ал алтын кылымга ээ болду. Бирок анын доору бүттү. Бүткөнү ошол, мезгил болуп көрбөгөндөй өзгөрүп, жаңы талаптарды койду. Тарыхты өзгөрткөн улуу реформалар өз учурунда ошол доордун түрдүү көз караштары, сын пикирлери менен коштолуп, бирок ошол реформаны жасоо ошол учурда зарыл болгондугун далилдеген учурлар абдан эле көп. Бүгүн журт башчыбыз Садыр Жапаровдун көрсөткөн колдоосу жана ишеними менен багыт алган 12 жылдык билим берүү системасына карата олуттуу реформанын жолу дагы дал ошондой эле болуп көрбөгөндөй сын пикирлер жана түрдүү көз караштар менен бирге кадам таштаганын көрүп турабыз. Эмне үчүн 12 жылдык билим берүүгө карата сыйга караганда сын көп болуп жатат.

  1. Биз, ошол эле Агартуу министрлигинин өкүлдөрүнөн баштап катардагы мугалимге чейин «12 жылдык билим берүүдөгү мазмундук өзгөрүүнү» министр Догдуркул Кендирбаева сыяктуу так жана далилдүү түшүндүрө алганыбызда, ар бирибиздин оозубуздан бир сөз, бир максат, бир аракет байкалганда — коомчулуктун келечек күтүп жаткан өзгөрүүгө болгон ынанымына тезираак жетишмекпиз. А бирок айлык акыдан арылып калбаш үчүн аргасыз тишибиздин агын көргөзүп айтымыш болуп, а дээринде эмнени айтып жатканын түшүнбөгөндөрдүн айынан коомчулук дале болсо 12 жылдыктын натыйжасын элестете албай жатышат.
  2. 12 жылдык билим берүүнүн маанисин коомчулукка илимий терминдер менен эмес, элеттик көз караштар менен түшүндүрүү колго алынганда азыр айылдагы ар бир кесиптин ээлери, ошол кесибинин жаркын жылдызы жана баштаганын сезе алмак. Азыр элибиз асманды багындыруучу космонавтка караганда, химикатка чыланып бүткөн жерди сактап калуучу айыл чарба адисине көбүрөөк муктаж. Андыктан 12 жылдык билим берүүнүн маңызын айтып аткан айрым «адистердин» оозунан чыккан терминдерди элеттиктер эмес, ошол терминди сүйлөп аткандар өздөрү түшүнбөй сайрап атышкандыктан коомчулукка маалымат туура жетпей жатат. Эмне үчүн. Анткени өлкөнүн калкынын 80% элеттиктер түзөт.
  3. Азыркы мектептеги орун көйгөйү, же китеп көйгөйлөрү ушул министрдин тушунда пайда болгондой жаагы талыганча бакырып, жада калса жазган тамгаларынан да айкырыктарынын үнү чаңырып чыгып аткандар бүгүнкү экономикалык өнүгүүнү дагы эле сезе элекпи деп ойлоп кетесиң. Болбосо азыркы толук шарты менен курулуп жаткан мектептер эмнеге жок дегенде 15 жыл мурун курулуп башталбады, өз өлкөбүздө өз каражатыбызга чыгып жаткан китептер эмнеге мурун чыкпады, ал каражаттар каяка кетип атты деген суроону эмнеге бербейбиз. Мурун мектеп салса мектептин спорт залы же ашканасы жок, жол салса жолдун жарымы жок болуп жүрдү эле го. Өлкө ушундай өнүгүү менен барса айтылып жаткан көйгөйлөр да бат эле чечилип калаар деп үмүт кылсак болбойбу.
  4. Бүгүнкү мугалимге түзүлүп жаткан шарттардын, электрондук каражаттардын натыйжасын, окуучулар окуп аткан сабагында сезбесе, ата-энелер балдарынын оозунан турмуштук сабактардын шарапатын, балдарынын аракетинен алардын турмушка болгон көз карашы кескин өзгөрө баштаганын сезбесе анда ал мугалим өзгөрүүнү да өзгөртүүнү да каалабаган мугалим болуп саналат. Тагыраагы андай мугалим бүгүнкү доордун чыккынчысы десек да болот.
  5. 12 жылдык билим берүү окуучуну билимдүү болууга эмес, Адам болууга, адам гана эмес, өз заманында өзүнүн ордун көрө ала турган, оюн эркин айтып, керек болсо өлкөнү өзгөртүүгө өз салымын кошо ала турган Адамды калыптандырууга багыт алган система.
  6. 11 жылдык билим берүү өз доорун жашап бүттү. Өз доорунда алтын кылымга ээ болду. Бирок анын доору бүттү. Бүткөнү ошол, биздин өлкөнү экономикалык жактан да, илимий, технологиялык жактан да 12 жылдыкка өткөн өлкөлөрдөн эң азы дегенде 50 жыл аркага калтыруу менен бүттү. Анын негизинде азыр биз кардыбыздын камын гана ойлоп, кадырыбызды — салган особняк үйлөрүбүз, минген жол тандабас машинабыз менен өлчөп жашап калдык. Ага караганда VI кылымдагы түндүгүнөн же Манасчынын авазы, же комуздун күүсү угулган боз үйдөгү кыргыздын ичкени жарма болгону менен ниети Улуу Кыргыз каганатын түптөгөнгө жетишкен. Демек 12 жылдык билим берүүгө өлкө колдоп турганда, туруктуу өнүгүүнүн агымы менен өлкө башчы колдоп турганда бүгүн өтпөй качан өтөбүз?

Зайнабидин МАМАСАДЫКОВ,

Ноокат райондук билим берүү бөлүмү  

(МК)

Бөлүшүү

Комментарийлер