1000 СОЦИАЛДЫК ПЕДАГОГ ЖАШ ӨСПҮРҮМДӨРГӨ КАРАТА ЗОРДУК-ЗОМБУЛУКТУ ЛИКВИДАЦИЯЛОО БОЮНЧА ВЕБИНАРГА КАТЫШТЫ

  • 21.01.2021
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз билим берүү академиясы жана өнөктөштөр: Демократиялык процесстерди изилдөө борбору жана Зордук-зомбулукка кабылган балдарга жардам берүү борбору менен биргеликте  аялдарга карата зордук-зомбулукту жоюуга багытталган аракеттерди колдоп, 1000 социалдык педагог жана психологдорго онлайн окутуу вебинарын өткөрдү.

Вебинар Жалпы билим берүүчү уюмдарда балдарга карата зордук-зомбулукту жоюу боюнча иш-чаралар планынын 7-пунктун актаруу, ошондой эле жашы жете электерге карата сексуалдык зомбулукту алдын алуу боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында өткөрүлдү. Аталган долбоор КРдин Билим берүү жана илим министрлиги (2019-жылдын 8-февралы, №135/1) жана КРдин Ички иштер министрлигинин (2019-жылдын 7-февралы, №98) биргелешкен буйругунун негизинде иштеп келет.

1000 СОЦИАЛДЫК ПЕДАГОГ ЖАШ ӨСПҮРҮМДӨРГӨ КАРАТА ЗОРДУК-ЗОМБУЛУКТУ ЛИКВИДАЦИЯЛОО БОЮНЧА ВЕБИНАРГА КАТЫШТЫ

Вебинарга Чүй, Ош жана Нарын облустарынан, ошондой эле Ош шаарынан 1000 социалдык педагог жана психологдор катышты.

КР ББжИМ башкы адиси Абдылдаева Г.К. белгилегендей, вебинардын  программасына сексуалдык зомбулук көйгөйүн жакшылап түшүнүүгө багытталган темалар, балдарга карата жасалган сексуалдык кыянатчылыктын түрлөрү, ошондой эле сексуалдык зомбулук менен байланышкан жаңылыштыктар жана стереотиптер камтылган.

Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Мамбетакунов У.Э. өз кезегинде төмөнкүлөрдү белгиледи: “Биз толеранттуулук, бири-бирибизге болгон достук мамилелер жөнүндө көп сүйлөшөбүз, бирок турмуш бул принциптерди бардыгы эле сактабай тургандыгын көрсөтүп турат. Ар бир мугалим, мектеп жетекчиси, ата-эне мектептеги ар бир бала үчүн жеке жоопкерчиликти сезиши керек”.

Вебинардын баяндамачылары төмөнкүнү белгилешти: Сексуалдык зомбулукту алдын алуу иштерин жүргүзүү үчүн социалдык педагогдор зомбулуктун белгилерин аныктаганды, жардам көрсөтүүдөгү аракеттердин алгоритмин билиши керек. Мындан тышкары, социалдык педагогдор жабыркаган балдар менен маектешүүдө гендердик-сезгич учурларга көңүл буруулары шарт.

Вебинардын материалдары:

http://kao.kg/2021/01/11/вебинар-для-социальных-педагогов/

 

Бөлүшүү

Комментарийлер