АЯЛДАРГА КАРАТА ЗОРДУК-ЗОМБУЛУКТУ ЛИКВИДАЦИЯЛОО БОЮНЧА ВЕБИНАР ӨТТҮ

  • 08.01.2021
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги аялдарга карата зордук-зомбулукту жоюуга багытталган аракеттерди колдоп, 1000 социалдык педагог жана психологдорго онлайн окутуу вебинарын өткөрдү. Вебинар Жалпы билим берүүчү уюмдарда балдарга карата зордук-зомбулукту жоюу боюнча иш-чаралар планынын 7-пунктун актаруу, ошондой эле жашы жете электерге карата сексуалдык зомбулукту алдын алуу боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында өткөрүлдү. Аталган долбоор КРдин Билим берүү жана илим министрлиги (2019-жылдын 8-февралы, №135/1) жана КРдин Ички иштер министрлигинин (2019-жылдын 7-февралы, №98) биргелешкен буйругунун негизинде иштеп келет.

АЯЛДАРГА КАРАТА ЗОРДУК-ЗОМБУЛУКТУ ЛИКВИДАЦИЯЛОО БОЮНЧА ВЕБИНАР ӨТТҮ

Онлайн окутуунун программасына сексуалдык зомбулук көйгөйүн жакшылап түшүнүүгө багытталган темалар, балдарга карата жасалган сексуалдык кыянатчылыктын түрлөрү, ошондой эле сексуалдык зомбулук менен байланышкан жаңылыштыктар жана стереотиптер камтылган.

Сексуалдык зомбулукту алдын алуу иштерин жүргүзүү үчүн социалдык педагогдор зомбулуктун белгилерин аныктаганды, жардам көрсөтүүдөгү аракеттердин алгоритмин билиши керек. Мындан тышкары, социалдык педагогдор жабыркаган балдар менен маектешүүдө гендердик-сезгич учурларга көңүл буруулары шарт.

АЯЛДАРГА КАРАТА ЗОРДУК-ЗОМБУЛУКТУ ЛИКВИДАЦИЯЛОО БОЮНЧА ВЕБИНАР ӨТТҮ

SAMSUNG CSC

Онлайн окутууда колдонулган материалдар маалыматка тиркелди:

КР ББИМдин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер