100 КЫСКА МӨНӨТТҮҮ БАЛА БАКЧА АЧУУ ПЛАНДАЛУУДА

  • 11.02.2022
  • 0

2022-жылдын 10-февралында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки билим берүү жана мектепке даярдоо башкармалыгы Байкоочу комитеттин жумушчу жыйынын өткөрдү.

Байкоочу комитет “Келечек үчүн билим” жана “Окутуунун негиздерин чыңдоо” долбоорлорунун мектепке чейинки билим берүү тармагындагы иши менен таанышып, 2021-жылга карата отчётторун жана 2022-жылга пландарын укту.

Байкоочу комитет долбоордун жооптуу аткаруучуларынын көңүлүн төмөнкү багыттар боюнча иштерди аткарууга бурду:
— балдарды эрте өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү, 3-5 жаштагы балдарды көбүрөөк камтуу үчүн жамааттык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын артыкчылыктары жөнүндө маалыматтык өнөктүк жүргүзүү;
— экологиялык таасири боюнча иш-чараларды уюштуруу, 500 объектте коопсуздукту камсыздоо деңгээлин жана билим берүүнүн сапатын талдоо;
— оңдоо-калыбына келтирүү жана курулуш иштеринде жалдама уюмдар тарабынан экологиялык стандарттардын сакталышына, тандоо критерийлерине ылайык объекттердин аянтчаларын пайдалануунун натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү;
— окутуунун натыйжалуулугун арттыруу үчүн мектепке чейинки билим берүү педагогдорун даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуунун кесиптик стандарттарын жана программаларын талдоо.

Бөлүшүү

Комментарийлер