100 АЙЫМГА БАЛА БАКЧА АЧУУГА КОЛДОО КӨРСӨТҮЛДҮ

  • 12.04.2024
  • 0

12-апрелде Ош шаарындагы «Grand Chavo» мейманканасында  «WE CARE» долбоорунун жеңүүчүлөрүн аныктоо аземи болуп өттү.

100 АЙЫМГА БАЛА БАКЧА АЧУУГА КОЛДОО КӨРСӨТҮЛДҮ

Ушуга улай «WE CARE» долбоорунун алкагында эрте курактагы балдарды өнүктүрүү жаатында Ош жана Чүй облустарында жеке менчик бала бакчаларды ачууну же өркүндөтүүнү көздөгөн аялдарга багытталган 10 жумалык окутуу программасы өз ишин аяктады. Катышуучулар балдарды ар-тараптуу өнүктүрүү, сапаттуу тамактандыруу, балдардын коопсуздугун сактоо, документация жүргүзүү жана жеке ишкердикти ийгиликтүү алып кетүү жолдорун үйрөнүшкөнүн кабарлай кетели.

100 АЙЫМГА БАЛА БАКЧА АЧУУГА КОЛДОО КӨРСӨТҮЛДҮ

Ал эми программанын бүтүрүү кечесинде тандалган 100 катышуучу өздөрүнүн бизнес долбоорлорун сунуштап, эң мыкты 32 бизнес сунуштамаларынын ээлери 3000 АКШ долларына чейинки гранттарды жеңип алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бул каражаттар жеңүүчүлөргө балдарды эрте жашта өнүктүрүү тармагында керектелчү эмерек жана тиешелүү жабдуулар түрүндө берилет.

Чаткал районунда “Жылдызча” мамлекеттик балдар бакчасынын жетекчиси Дербишова Гүлнара жеке бала бакча ачуу чечимине кандайча келип калганы тууралуу ою менен бөлүштү:

“Биздин бала бакчада орундар чектелүү болгондуктан айрым мамлекеттик кызматкерлер, алардын ичинде мед айымдар жана милиция кызматкерлер үчүн электрондук кезек күтүүдө жеңилдиктер каралбагандыктан кезекти бир-эки жылга чейин күтүп калышат. Мага келип,  ыйлап кайрылган учурлар көп болот. Себеби, биздин айылда дарыгерлер жетишсиз болгондуктан, алар төрөгөндөн кийин алты айга жетпей эле жумушка чыгууга аргасыз болушат. Балдарын калтырууга шарты жок болуп, жеке бала бакча болсо дагы талап абдан жогору, ошондуктан мен ушул көйгөйдү чечүүгө өз салымымды кошоюн деп долбоорго катышып жатам.”

Маалымат үчүн: Бул программа АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) жана Ага Хан Фонду тарабынан каржыланган «WE CARE» долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер