10-20 ЖЫЛДЫК МААРАКЕ, ТОЙЛОР: ЫСЫРАПКОРЧУЛУКТАН — СООПЧУЛУККА

  • 23.06.2018
  • 0

10-20 ЖЫЛДЫК МААРАКЕ, ТОЙЛОР: ЫСЫРАПКОРЧУЛУКТАН - СООПЧУЛУККАЫсык-Кєл облусунун  Ак-Суу районундагы Бєрї-Баш айылынын мектепти 20 жыл мурун аяктаган окуучулары айылдагы жакыр їй-бїлєгє там куруп беришїїдє. Классташтардын бул демилгесин айылдын бардык жаштары колдоп, учурда бири кышын куйса, экинчиси тизип, дагы бирєєлєрї эшик-терезелерин жасоодо.

Демилгечилердин бири Нурлан Жаманкуловдун айтымында, быйыл бул айылдын 20 жылдыкты белгилей турган балдары мал союп, той кылып, шаан-шєкєт уюштургандын ордуна чогулган каражатты соопчулук ишке жумшоону туура кєрїшкєн.    Алгач айыл  єкмєтїнєн жер тилкесин бєлдїртїп алышып, пайдубалын куюп беришти. Учурда тамдын дубалы тургузулуп жатат. Анын кышын айылдын башка жаштары куюп беришти.10-20 ЖЫЛДЫК МААРАКЕ, ТОЙЛОР: ЫСЫРАПКОРЧУЛУКТАН - СООПЧУЛУККА

— Биздин классташтар чоў тамдын фундаментин куюп бердик. Кышын тизїї жагын башка жылы бїткєн балдар мойнуна алышкан. Бирок фундаментин куюп бергенден кийин таштап койбой, иштин жїрїшїн кєзємєлдєп, єзїбїз кошо кол кабыш кылып жатабыз. Буюрса, їйдї кїзгє чейин бїтїрїп, учурда айылдын мїрзєсїндєгї кароолчунун їйїндє жашап жаткан жалгыз бой энени жаўы їйгє киргизебиз. Эженин жолдошу каза болуп калган, балдарынын экєє ден соолугунан мїмкїнчїлїгї чектелген, — дейт Нурлан.

Бул классташтар башка бїтїрїїчїлєрдєй болуп  25-майда дагы мектепке барышкан жок. Ал кїнї майрамды фундамент куюп єткєрїштї. Бир кой союшуп, куран окутушуп, тамдын ээси менен кошо кошуналарга чай беришти. Нурландын айтымында, 1998-жылкы бїтїрїїчїлєрдїн мындай демилгесин кийинки жылы бїтїргєндєр колдошуп, эмдиги жылы дагы бир муктаж їй-бїлєгє там салып берїїнї пландаштырышууда.

Салтка айланган маараке

Негизи Кыргызстанда жыл сайын мектепти бїтїрїп кеткендер 10, 20, 30 жылдыкты белгилеп келишет. Адатта бул майрам шаан-шєкєт менен коштолуп,  4-5 кїнгє созулуп, бир топ ысырапкорчулукка алып келет. Бирок акыркы 3-4 жылдан бери майрамдын нугу єзгєрїп, Бєрї-Баш айылынын бїтїрїїчїлєрїнє окшоп айылдагы жетим-жесирлерге, кароосуз калган кары адамдарга жардам бергендер кєбєйїїдє. Мисалы,  ушул эле жылы Ысык-Кєл районунун Тамчы айылындагы мектепти он жыл мурун бїтїргєн классташтар жети баланы жалгыз тарбиялап жаткан энеге їч бєлмєлїї там куруп беришип, 25-майда їйдїн ачкычын тапшырышса, Ош облусунун Єзгєн районундагы Кашка-Терек айылынын Капал Кулматов атындагы орто мектебин 20 жыл мурда бїтїргєндєр єздєрїнїн айылдашы, жакыр жашаган пенсионер апаны эки бєлмєлїї їйлїї кылышты. Колдоого аларлык мындай демилгени баштагандардын бири Кашка-Терек айылынын тургуну Акылбек Алимканов їч баланын энеси, 59 жаштагы Пазилат Акматалиевага там куруп берїї чечими тээ кыш айларында эле чечилип, ошондон бери даярдыктар кєрїлїп, 25-майда їй салынып бїтїп, ээсине берилгендигин «Спутник» маалымат агенттигине берген маегинде айтып берген.

— Эженин жашап жаткан їйї кар эмес, катуу жамгырга туруштук бере албаган абалда экен. Анан ушул бїлєгє жардам берїїгє токтолдук. Алты ай мурун райборборго топ ойногону барганда мектепти бїткєнїбїздїн 20 жылдыгын белгилєє тууралуу сїйлєшїп, анан ушундай чечимге келгенбиз. Ресторанга барып, ичип-жеп тарап кеткенден кєрє бир їй-бїлєгє болсо да жакшылыгыбыз тийсе жаман эмес дедик да, акырындап планыбызды ишке ашыра баштадык», — дейт Акылбек Алимканов.

Эки бєлмєлїї їйдї тургузуу їчїн жалпы 300 миў сом сарпталган. 1998-жылы мектепти аяктаган 22 бїтїрїїчїнїн арты беш миў сомдон чогултса, алды 15 миў сомго чейин беришкен.

Элибизде «Кудайдын кулагы сїйїнсїн» деген сєз бар эмеспи. Жыл єткєн сайын мына ушуга окшогон мисалдардын кєбєйїп бараткандыгы баардыгыбыз їчїн кубанычтуу. Былтыр эле демилгелїї бїтїрїїчїлєрдїн жардамы менен Ак-Талаадагы тєрт томолой жетим бала заўгыраган їйлїї болсо, Бакай-Атадагы дагы бир айылда жети балалуу жалгыз бой эне жаўы тамда жашап жатат. Єзгєндїн Кашка-Терек айылында  дагы бир їй-бїлєнїн жылуу, жайлуу їйдє жашап жатканына бир жылдын жїзї болду. Ал эми Нарын районундагы Дєбєлї айылынын тургундары бир жылдан бери жаўы спорт залда машыгып жатышат.

Быйыл Баткен облусунун Кадамжай районунун Кара-Жыгач айылындагы  ден соолугунан мїмкїнчїлїгї чектелген кары адам автоунаалуу болуп отурат. Аны №22 «Дыйкан» орто мектебин 20 жыл мурун бїтїргєн классташтар белек кылышты.

Сый-урматка бєлєнгєн мугалимдер

Минтип ысырапкорчулуктан соопчулукка єтїп жаткан бїтїрїїчїлєрдїн арасында окуткан мугалимдерине сый-урмат кєрсєткєндєр дагы жок эмес. Алардын бири Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кара-Дєбє айылынын 20 жыл мурун мектепти бїтїрїп кеткен окуучулары. Алар биринчи мугалими Лола Маликовага Кызыл-Кыя шаарынан 700 миў сомго батир сатып беришти. Алайдагы Кабылан-Кєл айылынын Эшкул Мырзаев атындагы орто мектебинин 20 жыл мурунку бїтїрїїчїлєрї болсо мектептин алдыўкы окуучусу менен мугалимине Дубайга эс алууга жолдомо тапшырышкан. Андан сырткары алар мектепке музыкалык жабдыктарды, райондук олимпиадада 1-орунду ээлеген эки окуучуга ноутбук, жакшы окуган окуучуларга 20 миў сом стипендия беришти.

 

Колдоого аларлык демилге

Коомчулук ушундай саамалыктарды колдоого алып, 10-20-30 жылдык мааракени белгилєєдє сарамжалдуу болууга, жогорудагы демилгелїї жаштардан їлгї алууга чакырышууда. Себеби азыр деле кєпчїлїк бул майрамды мурункудай салтка айланып калган нукта шаан-шєкєт менен єткєрїп жатышат. Айрымдары бодо мал союшуп, кафе-ресторандарда чардашса, кээ бири їйлєрдє 3-4 кїн єткєрїшєт. Ага болсо оўбогондой акча сарпталат. Мисалы, Ысык-Кєл районунун Чоў-Сары-Ой айылынын быйылкы  20 жылдык єткєргєн классташтар 10 миў сомдон чогултушуп, бир уй союп, їйгє дасторкон жайып отурушту. 11-классты бїтїргєн класс жетекчисине алтын шакек тагышса, калган мугалимдерине тїрдїї белек-бечкектерди беришти. Мектептин єзїнє болсо кире беришине туу кєтєрїп беришти.

— Мындан сырткары кийим-кечебиз, баскан-турганыбыз болуп отуруп 20 миў сомдой, жалпы 30 миў сом сарптадык. Элден калмак белек дедик, — дейт И.Мусаева.

Ушинтип элден калмак белек деген куру намыс менен жылда колунда бары да, жогу да бир чарпылып алмай жайы бар. Андан кєрє ичип-жеп, чардап кеткендин ордуна минтип соопчулук иштерди кылышса єзїнє да, єзгєгє да пайдалуу болмок.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер