1-СЕНТЯБРГА КАРАТА 11 МЕКТЕП ЖАНА ОКУУ ИМАРАТТАРЫ АЧЫЛАТ
- 01.09.2020
- 0
1-сентябрга карата жаңы 11 мектеп жана окуу корпустары ачылат, деди Мамлекеттик курулуш, архитектура жана турак жай—коммуналдык чарба агенттигинин башчысы Урматбек Кокочаров.
Аймактар боюнча:
— Чүй облусу — 1 окуу корпусу;
— Баткен облусу — 1 окуу корпусу;
— Жалал-Абад облусу — 1 мектеп;
— Ош облусу — 4 мектеп жана 2 окуу корпусу;
— Талас облусу — 1 мектеп жана 1 окуу корпусу.
Мындан тышкары Кокочаровдун айтымында, Сауд өнүктүрүү фондунун эсебинен 27 мектеп курулат. Анын ичнен төрт объекттин курулушу быйылкы жылга пландалган.
Азыркы учурда Мамлекеттик курулуш агенттиги сегиз объектти капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрдү.
— Нарын жана Баткен облустарында эки мектеп, Талас облусунда бала бакча, үч спорт комплекси, «Ата-Бейит» музейи жана Талас облусундагы «Чоң-Капка» каттоо пункту, — деди Кокочаров.
Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы
Комментарийлер