1-СЕНТЯБРДАН ТАРТА МЕДИЦИНАЛЫК КИТЕПЧЕЛЕР ЭЛЕКТРОНДУК ФОРМАТКА ӨТӨТ

  • 17.06.2026
  • 0

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети милдеттүү медициналык кароодон өтүү тартибине өзгөртүүлөрдү киргизди. Жаңы тартип коомдук тамактануу, соода, билим берүү, саламаттык сактоо, коммуналдык жана башка тармактардын кызматкерлерине тиешелүү болот.

1-СЕНТЯБРДАН ТАРТА МЕДИЦИНАЛЫК КИТЕПЧЕЛЕР ЭЛЕКТРОНДУК ФОРМАТКА ӨТӨТ

Негизги өзгөрүү – медициналык кароолор жана медициналык китепчелер санариптик форматка өткөрүлөт.

Жаңы тартипке ылайык, лабораториялык жана функционалдык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары мамлекеттик саламаттык сактоо системаларында электрондук түрдө түзүлүп, сакталат жана өткөрүлөт.

Ошондой эле милдеттүү медициналык кароолордун жыйынтыктары Саламаттык сактоо министрлигинин санариптик платформалары аркылуу электрондук медициналык китепчеге катталат.

2026-жылдын 1-сентябрына чейин берилген кагаз түрүндөгү медициналык корутундулар алардын жарактуулук мөөнөтү бүткөнгө чейин күчүндө кала берет.

Жаңы токтом 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер