1-СЕНТЯБРДА КЫРГЫЗСТАНДА 57 МЕКТЕП ЖАНА 20 БАЛА БАКЧА ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛЕТ

  • 19.08.2025
  • 0

Жаңы окуу жылына карата Кыргызстан боюнча жалпысы 110 билим берүү жана социалдык багыттагы курулуш объектиси пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.

1-СЕНТЯБРДА КЫРГЫЗСТАНДА 57 МЕКТЕП ЖАНА 20 БАЛА БАКЧА ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛЕТ

 

Маалыматка таянсак, анын ичинде 57 мектеп жана 20 бала бакча 1-сентябрга чейин ишке берилери күтүлүүдө. Бул объектилердин курулушу билим берүү жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын алкагында жүргүзүлүүдө.

Имараттардын  ачылышы өлкө боюнча миңдеген мектеп окуучуларынын жана бөбөктөрдүн билим алуу жана тарбиялануу шарттарын кыйла жакшыртат.

 Облустар боюнча пайдаланууга берилүүчү мектептер:

  • Бишкек шаары – 1 мектеп
  • Чүй облусу – 2 мектеп
  • Баткен облусу – 3 мектеп
  • Жалал-Абад облусу – 24 мектеп
  • Ысык-Көл облусу – 9 мектеп
  • Нарын облусу – 5 мектеп
  • Ош облусу – 11 мектеп
  • Талас облусу – 2 мектеп

Жаңы ачыла турган бала бакчалар:

  • Бишкек шаары – 2 бала бакча
  • Чүй облусу – 1 бала бакча
  • Жалал-Абад облусу – 5 бала бакча
  • Ысык-Көл облусу – 6 бала бакча
  • Нарын облусу – 1 бала бакча
  • Ош облусу – 5 бала бакча

Мындан тышкары, жакынкы убактарда башка да бир катар социалдык объекттерди, анын ичинде маданий жана спорттук имараттарды колдонууга берүү пландалууда.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер