1-октябрдан тарта пенсиянын камсыздоо бөлүгү орто эсеп менен 38% жогорулайт

  • 14.09.2023
  • 0

1-октябрдан тарта пенсиянын камсыздоо бөлүгү орто эсеп менен 38% жогорулайт

Президент Садыр Жапаров «2023-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президентин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 30 миң сомго чейинки пенсиялар үчүн индексациялоо коэффициенти 1,38 өлчөмүндө белгиленди.

Тактап айтканда, 30 миң сомго чейинки пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү орточо 38%, бирок 500 сомдон кем эмес өлчөмүндө көбөйөт. Бул үчүн 3,9 млрд сом каралды.

Мындай пенсиялардын орточо өлчөмү жогорулагандан кийин 9354 сомду түзөт, бул пенсиянын азыркы өлчөмүнөн орто эсеп менен 1692 сомго көп.

Соцфонддун маалыматына ылайык, өлкөдө 765 миң 600 пенсионер бар. Алардын ичинен 219 миңдей пенсионер 5 миң сомго чейинки пенсия алат.

Бөлүшүү

Комментарийлер