1 МЛН. 268 МИҢ ОКУУЧУ САЛТТУУ ФОРМАТТА ОКУЙ БАШТАШТЫ

  • 16.09.2021
  • 0

КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 27-январындагы буйругу менен “Капиталдык салымдар” беренесинин эсебинен республикалык бюджеттен каржыланып курулуучу социалдык объектилердин тизмеси бекитилип, ага 77 билим берүү мекемеси кирген. Анын ичинде 60 мектеп, 14 бала бакча жана 3 спорт зал.

Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик сатып алуулар жана инфраструктура бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Тимур Дүйшеевдин айтуусуна караганда, республика боюнча 19 мектептин жана 7 бала бакчанын курулуш иштери аяктады.

— Мамкурулуш агенттигинин билдирүүсү боюнча, Чүй облусунда – 3, Баткенде – 3, Жалал-Абад облусу боюнча – 4, Ысык-Көлдө – 2, Нарында – 2, Ош облусу боюнча – 11 жана Таласта 1 курулуш иштери аяктап, жаңы окуу жылына карата эшигин ачты, — дейт Т.Дүйшеев.

Эске салып кетсек, республикадагы 2296 мектепке 1 млн. 268 миң окуучуга салтанаттуу эшигин ачып, салттуу форматта окуй башташты. Биринчи жолу биринчи класска баргандардын саны 156 миң 479 жетти.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер