1-КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫН КООМДУК ТРАНСПОРТ БЕКЕР ТАШЫЙТ
- 01.09.2020
- 0
Чүй облусунда 1-сентябрдан 15-сентябрга чейин 1-класстын окуучуларын коомдук транспорт акысыз ташыйт.
Чүй облустук ЖКККБдан билдиришкендей, акция балдарды жол кырсыктарынан сактоо максатында «Абайлагыла, балдар!» урааны астында өткөрүлөт.
Окуучуларды ташыган коомдук транспортто бардык санитардык-эпидемиологиялык нормалар, аралык сакталат.
Г.А., “КБ”
Бөлүшүү
Комментарийлер