1-КЛАССКА КОШУМЧА КАНИКУЛ
- 06.02.2025
- 0
2024-2025-окуу жылынын үчүнчү чейрегинде 1-класстын окуучуларына бир жумалык кошумча каникул берилет.
Бишкек шаарындагы мектептердин 1-класстары 10-февралдан тартып каникулга чыгышат. Ал эми өлкө аймактарындагы мектептер райондук билим берүү башкармалыктары менен биргеликте каникулдун так датасын аныкташат.
Белгилей кетсек, 1-класстын окуучуларына бир жумалык эс алуу Билим берүү жана илим министрлигинин базистик окуу планы боюнча берилет.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Бөлүшүү
Комментарийлер