1-класска кирген балдар сынак тапшырбайт

  • 04.04.2024
  • 0

1-класска кабыл алууда балдардан сынак алуу токтотулат.  Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев «Кабар» маалымат агенттигинде өтүп жаткан жыйында билдирди. 

Муратбек Касымалиев Бишкек жана Ош шаардык департаментине кайрылып, балдарды кабыл алууда буга чейин айрым мектептер тарабынан өткөрүлүп келген сынактарды жоюу керек экенин айтты.

Себеби дегенде балдар «Наристе» программасы менен окуган. Кайра аларды кыйноонун кажети жок. Балдар электрондук система менен кабыл алынат. Электрондук каттоо https://mektep.edu.gov.kg/ автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу эки этап менен жүргүзүлөт. I этап – жашаган жери боюнча (катталган жери боюнча) 2024-жылдын 8-апрелинен 2-июнуна чейин, II этап – анык жашаган жери боюнча (факт боюнча) 2024-жылдын 3-июнунан 30-августуна чейин өтөт, – деди орун басар.

Ал ошондой эле  mektep.edu.gov.kg платформасы 24 саат бою иштейт, азыртан ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) балдарды 1-класска онлайн режиминде мектеп жашына жеткен баланы (6-7 жаш) каттай берсе болорун кошумчалады.

Эльвира Какиева

 

Бөлүшүү

Комментарийлер