1-КЛАССКА ЭЛЕКТРОНДУК КАТТОО: БИР АЙДА 63 МИҢДЕН АШУУН БАЛА КАТТАЛДЫ

  • 08.05.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин санариптик трансформация бөлүмүнүн 8-майга карата берген маалыматына ылайык республика боюнча 63 миң 144 бала катталды.

1-КЛАССКА ЭЛЕКТРОНДУК КАТТОО: БИР АЙДА 63 МИҢДЕН АШУУН БАЛА КАТТАЛДЫ

Анын ичинен облустар жана шаарлар боюнча:

Ош облусу – 12526 (жалпы квота – 35 миң 785)

Жалал-Абад облусу – 12353 (жалпы квота – 34 миң 778)
Чүй облусу – 9519 (жалпы квота – 31 миң 474)
Баткен облусу – 7529 (жалпы квота – 16 миң 190)
Ысык- Көл облусу – 5794 (жалпы квота – 13 миң 821)
Нарын облусу – 3848 (жалпы квота – 7 миң 741)
Талас облусу – 3393 (жалпы квота – 6 миң 957)
Бишкек шаары – 6238 (жалпы квота – 17 миң 908)
Ош шаары – 1944 (жалпы квота – 11 миң 233)

2024-2025-окуу жылына карата республика боюнча жалпы 175 миң 43 квота бар.

Бишкек шаары боюнча толгон мектептер:
1. №26 француз тилин тереңдетип окутууну камтыган гимназия-комплекси.
2. №70 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.
3. №29 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.
4. Гейдар Алиев атындагы № 20 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси.

5. №13 англис тилин тереңдетип окутууну камтыган мектеп-гимназиясы.

Белгилей кетсек, балдарды мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин биринчи классына электрондук каттоонун I этабы 8-апрелден тарта башталган.

Бөлүшүү

Комментарийлер