1-КЛАССКА ЭЛЕКТРОНДУК КАТТОО 31-АВГУСТТА ИШИН АЯКТАЙТ
- 01.08.2023
- 0
Мектепке жана бала бакчага балдарды кабыл алуу боюнча маалыматтык системасы аркылуу 2023-жылдын 10-апрелинен 30-июлуна чейин мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына 110 миң 81 бала кабыл алынды. Анын ичинен 2 миң 440 бала жеңилдик менен кабыл алынды. Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан балдардын жалпы орто билим алууга бирдей укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу, ошондой эле баланы 1-класска кабыл алууда коррупциялык схемаларды кыскартуу максатында «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарына балдарды электрондук каттоо» автоматташтырылган маалыматтык системасы иштелип чыккан.
Бул мамлекеттик жана муниципалдык мектептердеги жалпы бөлүнгөн квотанын 59% түзөт. Дагы 75 миң 965 бош орун бар.
Бишкек шаарында 79% орунга окуучулар катталды, Ош шаарында – 55%, Баткен облусунда – 64%, Жалал-Абад облусунда– 56%, Нарын облусунда – 66%, Ош облусунда – 52%, Талас облусунда – 64%, Чүй облусунда – 56%, Ысык-Көл облусунда – 57%.
Бишкек шаарында – 16 миң 376 бала (анын ичинен 681 бала жеңилдик менен) кабыл алынды. Жалал-Абад облусунда – 20 миң 416 (анын 412си жеңилдик менен); Чүй облусунда – 17 миң 173 (анын 347си жеңилдик менен); Ош облусунда – 21 миң 70 (анын 313ү жеңилдик менен); Ысык-Көл облусунда – 8 миң 531 (анын 111и жеңилдик менен); Баткен облусунда – 10 миң 723 (анын 205и жеңилдик менен); Талас облусунда – 4 миң 631 (анын 93ү жеңилдик менен); Нарын облусунда – 4 миң 973 (анын 80и жеңилдик менен) жана Ош шаарында – 6 миң 188 (анын 198и жеңилдик менен).
Мектепке электрондук каттоонун II этабы 26-июндан 31-августка чейин жүргүзүлөт. Биринчи класска электрондук каттоо үчүн сайт — https://mektep.edu.gov.kg/
Баса, Билим берүү жана илим министрлиги 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгында “эң жакшы” деген баа алган он бир мамлекеттик органдын катарына кирди. “Эң жакшы” баа алгандардын ичинде билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев да бар экени бул тармакта иштегендерди бир чети кубандырып, бир чети апкаарытып койду көрүнөт. Ананчы, эң чоң жана жооптуу тармактын чылбырын жаңы гана колуна алып, “камчы салдырбай” иштеп жаткан министрдин алган баасында билим берүү майданынын “кылычын” чаап келаткан эң чоң армиянын эң чоң эмгеги, салымы бар экени айтпаса да түшүнүктүү.
Комментарийлер