1-КЛАССКА ЭЛЕКТРОНДУК КАТТОО 10-АПРЕЛДЕН БАШТАЛАТ

  • 03.04.2023
  • 0

Биринчи класска мектепке электрондук каттоо 2023-жылдын 10-апрелинде эрте менен саат 9:00дө башталат.

1-КЛАССКА ЭЛЕКТРОНДУК КАТТОО 10-АПРЕЛДЕН БАШТАЛАТ

Электрондук каттоо эки этапта жүргүзүлөт. Биринчи этап – юридикалык жашаган жери боюнча (10-апрелден 25-июнга чейин), экинчи этап – жашаган жерине карабастан (26-июндан 31-августка чейин).

Электрондук каттоо боюнча биринчи класска өтүнмө берүү үчүн, уюлдук телефон же компьютер аркылуу интернетке кирүү керек. mektep.edu.gov.kg порталын ачып, башкы беттеги көрсөтмөлөрдү аткаруу зарыл. Сиздин суроолорго жооптор жана нускамалар порталдын башкы бетинде бар.

10-апрелден тарта дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 9:00дөн 18:00гө чейин жарандарга кеңеш берүү үчүн чалуу борбору иштей баштайт.

Бөлүшүү

Комментарийлер