Жазгы жамгыр

  • 13.07.2026
  • 0
Жазгы жамгыр

Көркөм өнөр, 5-класс

Сабактын максаттары

  1. Билим берүүчүлүк. Окуучулар жазгы жамгыр жөнүндө маалымат алышат жана табиятка байкоо жүргүзүү менен түстөрдү туура тандаганды билишет.
  1. Өнүктүрүүчүлүк. Окуучулар өз алдынча жазгы жамгырды элестетүү менен эркин композиция тартууга үйрөнүшөт.
  1. Тарбия берүүчүлүк. Окуучулар топто, жупта иштөөдө бири-бирине жардамдашат жана убакытты үнөмдөөгө тарбияланышат.

Баалоо критерийлери:

  • Темага жана образга туура келген чыгармачылык ишти туура аткаргандар, «5» деген баа менен бааланасыңар.
  • Көркөм образды ачууда тапшырма негизинен аткарылып, бирок толук эмес болсо, “4” деген баа менен бааланасыңар.
  • Тапшырма мугалимдин жардамы менен аткарылып, темасы, образы көп ачылбаса, “3” деген баа менен бааланасыңар.

Сабактын тиби: Жаңы билимге ээ болуу

Колдонулган методдор: Түшүндүрүү, суроо жооп, көрсөтмөлүүлүк, интерактивдик метод

Сабактын формасы: Практикалык иш, топто иштөө, жеке иштөө, чыгармачылык.

Сабактын жабдылышы:Колдо бар каражаттар жана көркөм каражаттар

Сабактын жүрүшү: 5 этаптан турат.

Сабактын этаптары. 1-этап — шыктандыруу

  1. Уюштуруу
  2. Саламдашуу.
  1. Жагымдуу маанай түзүү . “Көпөлөктөр учуп чыгат” — ушул көпөлөктөрдүн жардамы менен үч топко, түстөрүнө жараша бөлүнүшөт.
  2. Алтын эрежени кайталоо.

Баалоо баракчасы менен тааныштыруу.

  1. Саламдашышат.
  2. Окуучулар альбом, гуашь, кыл калем, кайчы, клейлерин алып даярданышат.
  3. Маанайлары көтөрүлгөн окуучуларга бул сюрприз болот.
  4. Алтын эрежени кайталап алышат.

Баалоо баракчасы менен таанышышат. 2-этап

Үй тапшырмасы. Жаңы темага өбөлгө түзүү 2 мүн.

— Балдар, өткөн сабакта биз “ 9-май — эч ким, эч нерсе унутулбайт” деген темада өткөнбүз. Үй тапшырманы 3Д анимациясынын жардамы менен кайталап алам. Улуу Ата Мекендик согуштун 76 жылдыгына карата сүрөт тартып келүү

3-этап. Теманы, күтүлүүчү натыйжасын кабарлоо 3 мүн.

“Мээге чабуул” ыкмасы менен аудионун үнүн угузуу аркылуу сүрөт тарттыруу. «Поле чудес» оюунун ойноп теманы ачуу. Жазгы жамгыр жөнүндө слайд.

— Балдар, жазгы жамгырдын пайдасы бар бекен? (Түтүн техникасын колдонуп сүрөт тартышат).

Ар бир топтон шайланган топ башчылары чыгып, зонтиктин ичиндеги тапшырмаларды алып топ менен иштешет.

Жазгы жамгыр Жазгы жамгыр Жазгы жамгыр

Балдар топто тарткан иштерин жактап беришет.

4-этап. Физминутка. Көнүгүү-тыныгуу

Жамгырдын жааган үнүн туурап физикалык көнүгүү ойношот.

Бышыктоо. Умай оюнунун жардамы менен сабакты бышыктайбыз. Туура тапса учак менен каалаган жерине учушат.

Тамчы менен баалоо

5-этап. Жыйынтыктоо.

Билим почтасына бүгүнкү сабак боюнча  кат салабыз.

Жазгы жамгыр

Катта берилген суроолор.

Аты-жөнүң?___________________________________

Бүгүнкү сабак жактыбы?_______________________

Сабакта эмнелерди үйрөндүңөр?_________________

Сүрөт тарткандын пайдасы барбы?______________

Окуучулар жыйынтыгында кимде канча жылдыз бар экенин санап чыгышат.

Критерийлерди карап баалоо жүргүзүлөт. Окуучулардын талантына, чыгармачылыгына, шамдагайлыгына жараша жекече жана топто баалоо.

Үй тапшырма берилет. Жазгы жамгырдын сулуулугу жөнүндө чагылдырып сүрөт тартып келүү.

Жазгы жамгырКененбаева Алина, Бишкек шаарындагы Свердлов районунун №21 ЖОББ мектебинин көркөм өнөр мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер