ДЕПУТАТ САЛТАНАТ АМАНОВА ТАШКЕНТТЕГИ ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯГА КАТЫШТЫ
- 17.08.2026
- 0
Жогорку Кеңештин депутаты Салтанат Аманова Ташкент шаарында өтүп жаткан Өзбекстан Республикасынын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына арналган «Эгемендүү Өзбекстан – өнүгүүнүн 35 жылдык жолу: реформалар, натыйжалар жана келечек» аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты. Бул иш-чаранын алкагында өлкөдө ишке ашырылып жаткан ири реформалар жана Борбор Азиядагы өз ара конструктивдүү кызматташтыкты бекемдөө маселелери боюнча кызуу талкуулар жүрдү.
Конференциянын жүрүшүндө эл өкүлү Салтанат Аманова билим берүү жана илим чөйрөсүнө өзгөчө көңүл буруп, «Билим берүү, жаштар саясаты жана инновациялар тармагындагы регионалдык парламенттер аралык кызматташтык» темасында кеңири баяндама жасады. Ошондой эле ал күн тартибинде белгиленген парламентаризмди өнүктүрүү, туруктуу экономикалык өнүгүү, социалдык саясат жана экологиялык туруктуулукту тереңдетүү сыяктуу актуалдуу маселелер боюнча өзүнүн сунуш-пикирлери менен бөлүштү.
Белгилей кетсек, аталган масштабдуу иш-чарага бир катар өлкөлөрдүн парламенттеринин, мамлекеттик органдарынын, эл аралык уюмдардын, ошондой эле билим берүү жана илим-изилдөө мекемелеринин өкүлдөрү катышты.
А.К., «КБ»




Комментарийлер