Жаратылышта суунун айлануусу

  • 14.04.2026
  • 0
Жаратылышта суунун айлануусу

Класс: 5-класс
Метод: 5E модели

Колдонулуучу каражаттар: Башталгыч класстар үчүн “Табият таануу” окуу китеби, интерактивдүү панель, плакат, маркер, стакан, суу, полиэтилен баштык, муз. Сабактын этаптары слайд менен коштолот.

Предмет аралык байланыш: география, биология, кыргыз тили, технология

Сабактын максаты:

  • Сабактын аягында окуучулар жаратылыштагы суунун айлануу процессин түшүнүшөт жана буулануу, булуттун пайда болушу, жаан-чачын жана суунун кайра жерге кайтуусу тууралуу билишет.
  • Ар бир абалдын мисалдарын таба билип, турмуштагы кубулуштар менен байланыш түзө алышат;

Өз ара топтук иштөөнү үйрөнүп, ой-пикирлерди талкуулай алышат;

 Күтүлүүчү натыйжа:

Жаратылыштагы суунун айлануусун түшүндүрө алышса.
Буулануу, конденсация жана жаан-чачын процесстерин айырмалап айтып беришсе.
Суунун жаратылыштагы маанисин түшүнүшсө.
Суунун айлануу схемасын сүрөт же схема түрүндө көрсөтө алышса.
Топто иштеп, өз ойлорун эркин билдире алышса.

Окутуу стратегиялары

  1. Топ менен иштөө
  2. Жуп менен иштөө
  3. Кайталап окутуу

Сабакты этаптары

  1. Кызыктыруу

Окуучулардын кызыгуусун ойготуу. Темага байланышкан макал, табышмактар, сүрөттөрдү көрсөтүү

Табышмак:

  1. Жазында ташыйм,
    Кышында катыйм.
    Жалпы эл үчүн,
    Кымбатка татыйм.
  2. Шар-шар этет,
    Сайдан ылдый кетет.
    Кыр-кыр этет,
    Кырдан ылдый кетет

Макал:

Күчтүү болсоң жердей бол — баарын чыдап көтөргөн. Таза болсоң суудай бол — баарын жууп кетирген.

Жаратылышта суунун айлануусу

Окуучуларга суроо берет:

  1. Жамгыр кайдан келет?
  2. Көлдөгү суу кайда жоголот?
  3. Булут кантип пайда болот?

Кыска оюн:
“Суу кайда кетти?”

Стакандагы сууну терезеге коюп, суроо берет.

“Эгер бул суу күн астында турса, эмне болот?”

Окуучулар өз ойлорун айтышат

  1. Изилдөө

Окуучулар өздөрү байкап түшүнүү.

Практикалык иш:

“Мини суунун айлануусу”

Керектүү нерселер:

  • стакан
  • жылуу суу
  • пленка (же капкак)
  • муз

Тажрыйба:

  1. Стаканга жылуу суу куюу.
  2. Үстүн пленка менен жабуу.
  3. Үстүнө муз коюу.

Байкоо:
Ичинде буу көтөрүлүп, тамчы болуп кайра түшөт.

Жыйынтык:
Бул жаратылыштагы суунун айлануусуна окшош.

Жаратылышта суунун айлануусу

 3. Түшүндүрүү

Теориялык түшүндүрүү.

Мугалим схема аркылуу түшүндүрөт.

Суунун айлануусунун этаптары:

☀️ Буулануу – күндүн ысыгынан суу бууга айланат.
☁️ Конденсация – буу булутка айланат.
🌧 Жаан-чачын – булуттан жаан, кар түшөт.
🌊 Жерге топтолуу – суу дарыяларга, көлдөргө, океандарга агат

Жаратылышта суунун айлануусу

Жаратылышта суунун айлануусу

Жаратылышта суунун айлануусу

4. Тереңдетүү

Билимди бекемдөө.

Топтук иш

Окуучулар 4 топко бөлүнөт:

1-топ — Буулануу
2-топ — Булут пайда болушу
3-топ — Жаан-чачын
4-топ — Суунун жерге кайтуусу

Ар бир топ:
🖍 Постер жасап
🗣 Кыскача түшүндүрөт.

Оюн:
💧 “Суунун саякаты”
Окуучулар ролдорду ойношот:
күн, суу, булут, жаан.

  1. Баалоо

Окуучулардын түшүнүгүн текшерүү.

Суроолор:

  1. Суу кантип бууга айланат?
  2. Булут кантип пайда болот?
  1. Жаан кайдан пайда болот?
  2. Суу кайра кайда барат?

Пликерс, вордволл платформалары менен суроолорду түзүү

Баалоодо суунун тамчысы колдонулат. Сабактын ар бир этабында окуучулар бааланып, тамчы чогултушат.

Үй-тапшырма:

“Жаратылышта суунун айлануусу” деген темада макет жасап келүү.

Жаратылышта суунун айлануусу

Жапарова Назгуль 

Жети- Өгүз району, Оргочор айылы

М.Тынаев атындагы жалпы билим берүү мектебинин химия мугалими  

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер