ЖАРАТЫЛЫШ – ЖАН ДОСУМ. (Класстык саат, 2-класс)
- 09.03.2026
- 0

Сабактын максаты:
• Окуучуларга табиятты коргоонун маанисин түшүндүрүү.
• Балдардын ой жүгүртүүсүн, сүйлөө жөндөмүн өнүктүрүү.
• Табиятка аяр мамиле кылууга, тазалыкты сактоого тарбиялоо.
Сабактын методу: Топтордо иштөө, көрсөтмөлүүлүк, изилдөөчүлүк
Сабактын жабдылышы: Интерактивдүү доска, Жер планетасынын макети, таштанды салуучу урналар (желим, айнек, кагаз, металл), зыяндуу жана пайдалуу иштердин сүрөттөрү, пазл, түстүү жүрөкчөлөр, гүлдөр

Сабактын жүрүшү
а) Окуучулар 4 топко түстөр боюнча бөлүнүшөт б) Алтын эрежени кайталашат в) жагымдуу маанай түзүшөт
1-топ Кызыл
2-топ Көк
3-топ Сары
4-топ Жашыл
«Жаратылыш ыры» аркылуу табияттын кооздугун балдардын жүрөгүнө жеткирди. Ыр жаңырып турган учурда окуучулардын жүздөрүнөн кубаныч байкалды.
Мугалим тактадагы жүрөкчөлөргө көңүл бурдуруп.
Мугалим: Балдар, жүрөк деген эмне?
Окуучулар берилген суроолорго жооп беришти.
Окуучу: Жүрөк – адамды жашаткан мүчө.
Окуучу: Жүрөк ооруса адам ыйлайт.
Окуучу: Адамдын эле эмес, жаратылыштын да жүрөгү бар. Бардык Бардык жандуу нерселердин да жүрөгү бар.
Мугалим: Жаратылыштын жүрөгү качан ооруйт?
Окуучу: Таштандыларды жерге ыргытканда ооруйт.
Окуучу: Дарактарды сындырганда жаратылыш ыйлайт.
Ушундай таза ойлор аркылуу сабактын темасы ачылды.
Мугалим: Жаратылыш деген эмне?
Окуучу: Жаратылыш – бул тоо, суу, аба.
Окуучу: Гүлдөр, бактар, куштар да жаратылышка кирет.
Мугалим маалымат берет: Жаратылыш – бул бизди курчап турган дүйнө: асман, күн, аба, суу, тоо, токой, гүлдөр жана жаныбарлар. Биз жаратылышсыз жашай албайбыз. Ал бизге таза аба, тунук суу, даамдуу жемиш жана кооздук тартуулайт.
Эгер биз таштандыны жерге таштасак, сууну булгасак же бактарды сындырсак, жаратылышка зыян келтиребиз. Жаратылыш “ооруйт”. Ошондуктан аны коргоо – ар бирибиздин милдетибиз.
Жаратылышты коргоо үчүн:
• Таштандыларды жерге таштабай, урнага салалы.
• Бак-дарактарды сындырбайлы, гүлдөрдү жулбайлы.
• Сууну жана электр энергиясын үнөмдөй билели.
• Айлана-чөйрөнү таза сактайлы.
Андан соң окуучулар төрт топко бөлүнүп иштешип, презентациялашат.

1-топ: Табиятка пайда келтирген иштер
Окуучулар бак отургузуу, таштандыларды чогултуу, сууну үнөмдөө жөнүндө айтып беришип сүрөттөрдү бөлүшөт.
Окуучу: Эгер ар бир адам бирден көчөт отургузса, шаар жашыл болот.
2-топ: Табиятка зыян келтирген иштер
Окуучулар таштанды чачуу, сууну булгоо, бактарды кыюу жөнүндө мисал келтиришип,сүрөттөрдү бөлүшөт.

3-топ: Жаратылыштын пазлы
Окуучулар пазлды чогултуп, кооз жаратылыштын сүрөтүн түзүштү.
Окуучу: Жаратылыш бир бүтүн, аны бузбай сактоо керек.
4-топ: Таштандыларды бөлүштүрүү
Окуучулар желим, айнек, кагаз, металл таштандыларын тиешелүү урналарга салышты.
Окуучу: Таштандыларды бөлсөк, кайра иштетүүгө болот.
Ар бир топ гүлдөр менен бааланды. Балдардын аракетинен жоопкерчилик сезими байкалды.
Эс алуу мүнөтү Керемет көчтөн “Колду таза жууйбуз” ырын ырдап, кыймылдарын жасашат.
Мугалим жыйынтыктап айтат:
Табият – биздин жан досубуз. Эгер биз аны коргосок, ал бизге таза аба, тунук суу, даамдуу жемиш берет.
Окуучулар берилген суроолорго жооп берип, өз ойлорун айтышат.
Окуучу: Мен мындан ары таштандыны жерге таштабайм.
Окуучу: Табиятты сүйүү – бул мекенди сүйүү.
Окуучулар макал-лакаптарды жатка айтышты:
«Таза жер – тынч эл.»«Суунун баркын – суусуз калганда билесиң.»
Интерактивдүү доскада «Жер планетасына жардам бер» оюну ойнотулат.
Окуучулар таштандыларды бөлүштүруп, жер планетасына жардам беришет
Жыйынтыктоо
Сабактын соңунда окуучулар бир добуштан ураан чакырышат.
«Мен таза болсом, сен таза болсоң – коом таза болот!» деген сөз менен сабак жыйынтыкталат.
“Мен жаратылыштын досумун” деген карточкалар менен окуучулардын иши бааланат.

САТЫНДИЕВА Махабат, №40 жалпы билим берүү мектеби, Бишкек шаары
Комментарийлер