Жүрөктүн, кан тамырларынын гигиенасы
- 26.01.2025
- 0

Даминова Чынара, Ош областы, Кара-суу району, №82 Абилаз Эшматов атындагы окуу тарбиялык комплексинин биология мугалими
8-класс, биология сабагы
Сабактын максаты: (GRASPS, WHERE TO, SMART)
Жүрөктүн, кан тамыр системасынын ден соолуктагы маанисине жана аны сактоо үчүн туура гигиеналык адаттарга аныктама беришет. Жүрөккө, кан тамырларга зыяндуу жана пайдалуу факторлорду талдашат.
Күтүлүүчү натыйжалар: Жүрөк кан тамырларга зыян келтирүүчү факторлор (чылым чегүү, кыймылсыз жашоо образы, туура эмес тамактануу) жана алардан коргонуу жолдорун түшүндүрө алышат.
Ресурстар: Сүрөттөр, видеоматериалдар.
Көндүмдөр: Байкоо, салыштыруу, коммуникация, прогноздоо, талдоо, баалоо
УМТ (Узак мөөнөттүү түшүнүү): Өз организмине туура кам көрүү, зыяндуу адаттардан алыс болуу, туура тамактануу.
Фундаменталдык суроолор: Жүрөк денебиздин кандай органына кирет жана анын негизги функциясы кандай? Кан тамырлар кантип иштейт жана алар эмне үчүн керек? Жүрөк, кан тамыр системасынын ишин бузган факторлор кайсылар? Жеке гигиенанын жүрөк, кан тамырлар системасына кандай таасири бар?
Түшүнүүнүн аспектиси: Түшүнүү, колдонуу, иштеп чыгуу, жеке көз караштарды билдирүү, таануу деңгээлин жогорулатуу.
1Е. Кызыктыруу (шыктандыруу):
Medically accurate 3d model of the human heart
ru.pinterest.com › pin350553986986/
Эмнени байкадыңар? Өз ойлоруңарды айткыла.
2Е. Изилдөө
Сүрөттөрдү талдашат, салыштырышат жана төмөнкү суроолорго жооп беришет. Тамеки чеккен, алкоголь ичимдиктерин ичкен адамдардын организминде кандай өзгөрүүлөр байкалат? Тамеки чеккен адам менен чекпеген адамды салыштыргыла? Тамекинин алкоголдун зыяндуу жана пайдалуу жактарына мисал келтиргиле?
3Е. Түшүндүрүү
Окуучулар тажрыйба иштерин жүргүзүү менен тамекинин жана алкоголдун организмге зыяндуулугун дагы бир ирет далилдешет, түшүндүрүшөт. Тонометрди колдонуп, кан басымды өлчөөнү үйрөнүшөт.
Төмөндөгү суроолорго жооп беришет
Жүрөктүн кызмат аткаруу жөндөмдүүлүгүн күчөтүүнүн негизги эрежелерин атагыла, өз эрежелериңерди сунуштагыла. Аз кыймылдуулуктун организмге тийгизген эң кооптуу таасирлерин далилдер менен түшүндүргүлө.
4Е. Түзүү
- Ден соолук көйгөйүн аныктоо жана талдоо
Кырдаал:
30 жаштагы Адилет күндүн көп бөлүгүн кеңседе отуруп өткөрөт. Ал жумасына бир жолу гана спорт менен машыгат, газдалган суусундуктарды көп ичет жана куурулган тамактарды жейт. Акыркы убакта ал дем алуу кыйын болуп, тез чарчап жатат. Дарыгер анын жүрөк резервинин төмөн экенин айткан.
Тапшырмалар:
- Адилеттин жүрөк резервинин төмөндөөсүнө кандай факторлор себеп болуп жатканын аныктаңыз.
- Анын абалын жакшыртуу үчүн үч конкреттүү кеңеш сунуштаңыз.
- Эгерде Адилет бул көйгөйлөргө көңүл бурбаса, анын ден соолугуна кандай терс таасир тийиши мүмкүн?
- Балансталган жашоо образын пландоо
Кырдаал:
Айгул ден соолугун жакшыртуу үчүн аэробикалык машыгууларды баштоону пландап жатат. Бирок ал жумуштагы графигинен улам спорт менен үзгүлтүксүз алектенүүгө убакыт таба албай кыйналып келет. Ошондой эле ал стресстик кырдаалдардан улам газдалган суусундуктарды жана таттуу тамактарды ашыкча колдонуп жатат.
Тапшырмалар:
- Айгул жашоо образына байланыштуу жүрөк резервине коркунуч жараткан үч факторду тизмектеңиз.
- Ал спорт менен үзгүлтүксүз машыгуу үчүн өзүнүн графигин кантип түзө алат?
- Айгул стрессти азайтуу жана жүрөк-кан тамыр системасын бекемдөө үчүн дагы кандай ыкмаларды колдонсо болот?
- Жаңы адаттарды киргизүү
Кырдаал:
Бектур семирип кеткенин байкап, туура тамактануу жана активдүү жашоо образына өтүүнү чечти. Ал дем алыш күндөрү гана жөө басуу менен чектелип, жумуш күндөрү кеңседен чыкпай иштейт. Ал түштө фаст-фуд жеп, көп кофе ичет.
Тапшырмалар:
- Бектурдун учурдагы жашоо образы жүрөк резервине кандай таасир этет?
- Анын рациону жана физикалык активдүүлүгү боюнча сунуштарды бериңиз.
- Бектурга жаңы адаттарды күнүмдүк жашоосуна ийгиликтүү киргизүү үчүн үч кадам пландаштырыңыз.
5Е. Баалоо
Төмөндөгү терезени толтуруу менен бүгүнкү сабакта бааланышат.
Эмне кызыктуу болду? Эмнени үйрөндүм? Эмне кыйын болду? Эмне жакты?
Комментарийлер