ЗАТТЫН КЫЙМЫЛ-АРАКЕТИН БИЛДИРГЕН СӨЗДӨР

  • 28.05.2025
  • 0
ЗАТТЫН КЫЙМЫЛ-АРАКЕТИН  БИЛДИРГЕН СӨЗДӨР

Кадырбекова Айгерим Олжошбековна

 Бишкек шаарындагы  №21 жалпы билим берүү мектеби

 Предмети:   Кыргыз тили

 Классы:   2-класс

Тема:   ЗАТТЫН КЫЙМЫЛ-АРАКЕТИН БИЛДИРГЕН СӨЗДӨР

Сабактын тиби: Жаңы теманы түшүндүрүү

Сабактын формасы: Аңгемелешүү, жалпы, жеке иштөө

Сабактын методу: Түшүндүрүү, көрсөтмөлүүлүк, баалоо, суроо-жооп.

Колдонулуучу каражаттар: Окуу куралдары, дидактикалык каражаттар, сүрөттөр ж.б.

Негизги  компетенттүүлүктөр:    

  1. Маалыматтык (НК1)
  2. Социалдык-коммуникациялык (НК2)
  3. Өз ишин уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү (НК3)

 Предметтик компетенттүүлүктөр:          

  1. Тыбыш жана тамга менен иштей алуу компетенттүүлүгү(ПК1)
  2. Сулуу, катасыз жазуу компетенттүүлүгү(ПК2)
  3. Сөз байлыгы менен иштей алуу компетенттүүлүгү(ПК3)
  4. Сүйлөм текст менен иштей алуу компетенттүүлүгү (ПК4)
  5. Жашоо тиричилик менен байланыштыруу компетенттүүлүгү (ПК5)
Сабактын максаттары:
Билим берүүчүлүк:Өнүктүрүүчүлүк:Тарбия берүүчүлүк:
Окуучулар заттын кыймыл-аракетин билдирген сөздөр  боюнча түшүнүк алышатӨз алдынча тема боюнча көнүгүү иштөөгө калыптанышат.Таза, сулуу жазууга, дептерлерин таза кармоого тарбияланышат.
Көрсөткүчтөр:
Окуучулар заттын кыймыл-аракетин билдирген сөздөр боюнча түшүнүк алышса. Өз алдынча тема боюнча көнүгүү иштөөгө калыптанышса.Таза, сулуу жазууга, дептерлерин таза кармоого тарбияланышса.

Сабактын жүрүшү: уюштуруу

Саламатсыңарбы балдар? Бүгүнкү сабагыбызга алтын эреже түзүп, бири-бирибизге жагымдуу маанай тартуулап алалы. Балдар келгиле доскада боз үйлөр илинип турат. Бул сыйкырдуу боз үйлөр. Бирден боз үй алабыз дагы ичин ачабыз, кимге кандай сан чыкса ошол топко барып отурабыз.

1-топ: Жандуу заттарды туюндурган  сөздөр

2-топ: Жансыз заттарды туюндурган сөздөр

Үй тапшырмасын текшерүү: келгиле достор, үйгө берген тапшырманын тууралыгын биргеликте текшерели.

Өтүлгөн темаларды бышыктоо: кана эмесе, балдар жаңы темага киришердин алдында силер менен өтүлгөн тема боюнча «торт жейбиз» оюнун ойнойлу ( тортун бөлүктөрүндө суроолор болот, мугалим кезек-кезеги менен окуучуларга узатат).

Жаңы тема:

-Заттын кыймыл-аракетин билдирген сөздөргө эмне кылды?, Эмне кылып жатат?, Эмне кылат?, Эмне кылабыз? деген сыяктуу суроолор берилет.                                                                                           Мисалы: келди, ойноп жатат, күлөт ж.б                                                                                              Мугалим теманы слайд да, сүрөттөр менен түшүндүрүп берет.

213-көнүгүү. Ырды чогуу чынжырча окуйбуз. Мугалим баштап берет, бокуучулар улап окуп кетишет.

214-көнүгүү. Ырдагы каармандарды, болгон окуяны жазгыла. Окуя кайсы жерде, кайсы мезгилде болгон деп ойлойсуңар?

Эми окучуулар дептерибизди ачып, бүгүнкү числону жазабыз.

214-көнүгүү. Ырдагы каармандарды, болгон окуяны жазгыла. Окуя кайсы жерде, кайсы мезгилде болгон деп ойлойсуңар?  (Балдар бул көнүгүүнү өз алдынча топто ватманга иштешип, ойлорун айтып беришет)

Асел

Кубан

 

Жай мезгили                                                           Селкинчек                                               Балдар селкинчек тээп ойноп жатышат

215-көнүгүү. Бул көнүгүүнү аткаруу үчүн «мазаика» ыкмасын колдонот. Мугалим окуучуларга ар түрдү сүрөттөрдү таратып берет. Балдар сүрөттөрдүн ичинен «селкинчек» текстине байланышкан сүрөттөрдү ватманга чапташып, сүйлөм түзүшөт.

216-көнүгүү. «Эмне кылам?» темасында сөз оюнун уланткыла.

Сүйлөймкүлөмчуркайм-ойнойм-уктайм-сүйлөшөмбарамбасам….

 Жаңы теманы бышыктоо: келгиле балдар, өтүлгөн тема боюнча мен силерге тест даярдагам. Топ менен чогу ойлонуп жооп беребиз, понелден тесттин суроолору көрсөтүлөт.

ЗАТТЫН КЫЙМЫЛ-АРАКЕТИН  БИЛДИРГЕН СӨЗДӨР

Азаматсыңар! Эми теманы жакшы  өздөштүрүп алдыңар деп ойлойм.

Сабакты жыйынтыктоо:

1.Бүгүнкү сабак силерге жактыбы?

Биз кандай иштерди аткардык?

2.Аларды аткаруу менен силер эмнелерди үйрөндүңөр?

3.Силер кайсы көнүгүүнү кызыгуу менен аткардыңар?

  Рефлекция үчүн traffic light колдонот.

Сабакты баалоо: Окуучуларды сабакка кызыктыруу үчүн ар бир туура жоопко 2ден момпосуй берип бааладым.

Үйгө тапшырма: 217-көнүгүү

Бөлүшүү

Комментарийлер